Menu

Фото – Мухаммедкалый Абылгазиев: Мамлекет Кумтөр кениндеги иштердин коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн үзгүлтүксүз иш алып барууда

Бөлүшүү:

Мамлекет Кумтөр кенинин экологиялык коопсуздугун жана туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн үзгүлтүксүз иш алып барууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев комбинатка барып, кендеги жумушчулар менен жолуккан учурда билдирди.

Өкмөт башчы иши сапарынын алкагында «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти Скотт Перри менен бирге оор техникалар колдонулган карьерди көрдү, ошондой эле алтын өндүрүүчү фабрикага барды.

Премьер-министрди жашоо шарттар жана өндүрүш процесси, геологиялык-изилдөө иштеринин жүрүшү менен тааныштырышты.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле калдык сактоочу жерди көрүп, калдык сактоочу дамбага мониторинг кыла турган система менен таанышты.

Мындан тышкары Өкмөт башчы компаниянын жумушчулары менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди .

«Биз бүгүн жумушчуларга түзүлгөн шарттар менен тааныштык. Компания бир жылдан ашык убакыттан бери жумуш убактысын текке кетирбей иштеп жатканы кубандырат, бул өндүрүштөгү биздин жарандардын коопсуздугун көрсөтүп турат. Кумтөр маселеси биз үчүн канчалык маанилүү экенин коомчулук билет. Биз экологиялык коопсуздук, экономиканы, өнөр жайды өнүктүрүү жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүнү эсепке алуу менен, кендин мындан ары иштөөсүнө багытталган максаттарды койдук», – деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев ишкананын натыйжалуу жана туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу жаатынан алып караганда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ортосунда түзүлгөн жаңы Стратегиялык макулдашуу өзүн-өзү актаарын баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: