Menu

Airbus дүйнөнүн эң чоң учагын чыгарууну токтотот

Бөлүшүү:

Европанын эң чоң авиакомпаниясы Airbus дүйнөнүн эң көлөмдүү учагы болгон А380 моделин чыгарууну токтотот. Бул тууралуу компаниянын расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, компания акыркы буюртмаларын 2021-жылы тапшырып, аталган моделди өндүрүүнү жыйынтыктайт. Мындай чечимге эң чоң кардары болгон Fly Emirates абажолдорунун А380дерге болгон талабын азайтып койгону себеп болгон. Борбору Дубайда жайгашкан Emirates буга чейин 163 даана А380 колдончу болсо, аны 123кө түшүрдү. Алдыдагы эки жылда аталган учактан 14 гана даана аларын ачыктаган. Анын ордуна ошол эле компаниянын чаканыраак АЗЗО жана А350 моделдеринен 70 даана алууну чечти.

Эске салсак, Airbus компаниясынын А380 учагынын тетиктери Франция, Англия, Испания жана Германияда өндүрүлөт. Өндүрүшүнүн ар түрдүү жерде жайгашканы да анын чыгымын көбөйтүп жаткан. Эң акыркы толуктоолор Франция менен Германияда жасалып, колдонууга берилет. Алдыдагы жылы 880-950 даана арасында учак тапшырары күтүлүүдө.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: