Menu

Кыргызстандын Европа биримдигине экспорту өстү

Бөлүшүү:

Кыргызстан «ВСП+» – Жалпы жеңилдиктер системасын колдонууга уруксат алган соңку үч жылдан бери Европа биримдигиндеги өлкөлөргө экспорту өстү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин өкүлү Бүбүсара Токтоналиева билдирди.

—Эгер алтынды эсепке албай, санак жүргүзсөк 2018-жылы Европа биримдигиндеги өлкөлөргө биздин экспортубуз 95 млн. долларды түздү. Бул 2017-жылга карата салыштырмалуу дээрлик 1,60 эсе өстү дегенди билдирет.

Токтоналиеванын айтымында, Кыргызстан «ВСП+» – Жалпы жеңилдиктер системасына кошулганга чейин, 2015-жылы өлкө аталган биримдикке 50,4 млн. долларлык товар жөнөткөн. «ВСП+» макамын алган 2016-жылы бул сумма 41,0 млн. доллар, 2017-жылы 59,5 млн. доллар болгон. Кыргызстандык экспортерлор негизинен Британия, Белгия, Германия жана Литвага көбүрөөк товар жөнөтөт. Негизинен айыл чарба продукциялары, төө буурчак, козу карын, жаңгак, жашылча-жемиштер, жер-жемиштер, кургатылган жемиштер сатылат. Мындан сырткары транспорттук каражаттар, алардын тетиктери, механизмдери жана түстүү металлдар кетет.

Ошондой эле ЕБге 2016-жылы 31,3 млн., 2017-жылы 186,8 млн., 2018-жылы 663 млн. долларга тете алтын экспорттолгон. Бул негизги экспортко кошуп саналбайт.

Европа биримдиги расмий Бишкектин өтүнүчү менен «Всеобщая система преференций+» («ВСП+») – Жалпы жеңилдиктер системасын колдонуу макамын Кыргызстанга 2016-жылдын 27-январында берген. Ага чейин кыргызстандык экспортерлор айыл чарба өнүмдөрүнө 14,6%, текстиль буюмдарына 5-9% бажы төлөмүн төлөчү.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: