Кыргызстандык Жыргалбек Оросбаев пауэрлифтинг боюнча дүйнө кубогунун коло байгесинин ээси болду. 39 өлкөнүн 209 спортчусу катышып жаткан мелдеш Бириккен Араб Эмираттарында өтүүдө.
Жыргалбек Оросбаев ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында 107 килограммга чейинки салмактык категорияда мелдешке катышкан. Үч аракеттин жыйынтыгында кыргызстандык спортчу 206 килограммды көтөрүп экинчи орунду ээледи. Бул салмактык категорияда ирактык Аббас Наисан 203 килограммды көтөрүп үчүнчү болсо, 240 килограммдык жыйынтык менен монголиялык Содномпилджи Энхбайар алтын байгенин ээси болду.
Кошумчалай кетсек аталган турнирде буга чейин кыргызстандык Азизбек Замирбек уулу коло байгенин ээси болгон.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ