Мургаб.
Тажикстандын Кытай менен чектеш Мургаб районунда үч жылдан бери Кытайдын жашыруун аскердик базасы бар. Бул тууралуу The Washington Post гезити билдирди.
Тажикстан аймагында Кытайдын аскердик базасы жайгашканын Душанбе менен Бээжин тастыктаган жок. Кытайдын көзөмөл өткөрмө бекети Мургаб районунун аймагындагы ооган өткөрмө бекетинен алыс эмес жерде жайгашкан. Макаланын автору Гарри Ших Кытайдын “чакан аскердик базасын” тажик-ооган чек арасына иш сапар менен барганда көргөн.
Гарри Шихтин ырасташынча, Мургамдагы базардан ал кытай аскер кызматкерлерин кездештирген. Алардын бири The Washington Post гезитинин журналисти менен сүйлөшүп, үч-төрт жылдан бери Тажикстандын аймагында жүрүшкөнүн айткан.
Аскердик база жайгашкан жер стратегиялык жактан маанилүү. Ал жакта Тажикстан, Кытай жана Ооганстандын чек аралары чектешет. Ооганстанга тиешелүү жагы дээрлик кайтарылбайт жана экстремисттердин нары-бери өтүшүнө оңтойлуу.
Мургаб жашоочуларынын айтымында, бул жерде ондогон, балким жүздөгөн кытай аскерлери кызмат өтөшөт. Алар жергиликтүү базардан топоздун этин сатып алып турушат.
The Washington Post Кытайдын аскердик мекемеси жана Тышкы иштер министриги бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартканын жазды. Тажикстан ТИМи болсо өлкө аймагында Кытайдын аскердик базасы бар экени тууралуу маалыматты четке какты.
Былтыр жайында Кытай Ооганстандын Бадахшан провинциясында алгачкы аскердик-машыктыруучу база кура баштаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ