Түбөлүк оппозиционер деген каймана аты бар Топчубек Тургуналиев акыркы жылдары саясаттан четтеп, Арабаев окуу жайында иштеп калганын билебиз. Кыскасы, кыргыздын аксакалы көп эле дүжүр болбой жакшы карып, жаштарга үлгү болуу маселесин иш жүзүндө көрсөтүүгө ашыгып келген эле. Бирок “көнгөн адат калабы” дегендей сасык саясатка кайра аралаша баштаганы байкалууда. Ал 2010-жылдан кийин люстрация маселесин көтөрүп чыкканы менен анысы ишке ашпай калган. Эми коррупцияга каршы уюм түзүп, дагы да бул багытта иш алып барууну эңсеп турат. Бул иш жакшы деңизчи, бирок анын бул кадамынан майнап чыгабы? Кыскасы, кепилдик жок. Буга чейин президент Манас жана Айтматов академиясын түзүүнү сунуштаган. Айрым ЖМКлар Топчуке ажонун ал сунушун уккандан бери токтоно албай, ошол жаңы түзүлгөн академияга ана башчы болууну кыялданып жатканын жазышкан. Топчуке коррупция маселесин 5-6 жылдан бери чукубай калды эле, эми бул маселеге киришип жаткан кези. Ал ортодо манасчы Таланталы Бакчиев да ал академияга чоң болгусу келип, өз ара аракеттерди көрүп жатканы да айтылууда. Кыскасы, бул маселеде да кызыктар көп болгону калды окшобойбу.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ