Menu

Кожобек Рыспаев, КСДПчы депутат: “ТЭЦке долбоору, ТЭОсу жок, тендер өткөрбөй ТВЕАны алып келишип, колду кайрышкан”

Бөлүшүү:

– Кожобек Жайчыбекович, Айбек Калиевдин адвокаты «ТЭЦ иши боюнча профилдик комитеттин төрагасы катары Кожобек Рыспаевди да суракка чакырыш керек» деди. Сиз буга кандай карайсыз?

– Чакыра берсин! Тергөөчүлөр ансыз деле келип кетишкен, биз маалыматтарды бергенбиз. Мен эмне?.. Калиевдин адвокаты айтса эле бара калмак белем, же ТЭЦтеги акчаларды мен которуп аттым беле? Булар айтып атышпайбы, «парламенттеги үч комитеттин да төрагалары жооп беришсин» деп. Мындай чечимди төрагалар жалгыз кабыл албайт. Каныбек Иманалиев айткандай, бюджеттен да уурдоо болот. Ал уурдоолорго ратификация кылып, мыйзамды кабыл алып бергендер күнөөлүү эмес. Биз кредиттик келишимди ратификация кылып бергенбиз. Калган жумушту аткаруу бийлиги жасап, ошолор жабдууларды алып жатат. Алар бир кычкачтын баасын 600 долларга чыгарып, өзүбүздүн рыноктон сатып алган материалдардын баасын 200 эсе көбөйтүп жазса, буга депутаттар жооп бербейт да. Биз «ТЭЦ салынсын, жылуулук берүү токтоп калбасын, эскилиги жеткен жылуулук борбору оңолсун» деп акчаны ратификация кылып берип атабыз. Аны сарамжалдуу колдонуу – бул аткаруу бийлигинин милдети. Ошол эле Сапар Исаковдун, Айбек Калиевдин милдети болчу. Сапар Исаков керек болсо кийлигишпей, өкмөт аткарышы керек эле. Кантип аткарганын көрүп атасыңар. Андыктан, бир да депутат акча маселесине кийлигише албайт.

– «Президенттин администрациясы колду кайрыды» деп айтпадыңызбы. Колду кайрыса эле макул болуп бериш керек беле?

– Колду кайрыса эле макул болбойсуң. Бизде патриоттук сезим бар. ТЭЦ менен «Датка-Кеминдин» шакектен чыгышы үчүн 1957-жылы курулган ТЭЦтин абалы оңолушу үчүн колдодук. Эмне үчүн «колду кайрып» деп айтып атам? Себеби, долбоору, ТЭОсу жок, тендер өткөрбөй ТВЕАны алып келип атканда мен макул болгон эмесмин. Окубайсыңарбы, чечимде турбайбы. Мен каршы болуп турган убакта кол кайрылган. Алар патриоттук сезимге урган. «Эй, акмактар, эртең ТЭЦ токтоп, шаар тоңуп калса ким жооп берет?» деген сөздөрдү айтышкан. «Кол кайрыган» деп ошону айтып атам.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: