Бүгүн, 19-декабрда өткөн КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында журналисттер президенттен ал пара алып же берип көргөнбү деп сурашты. Бул суроо өлкө башчыны күлдүрдү.
«Бир да жолу пара алып же берип көргөн эмесмин,» – деди президент.
Дагы бир суроо анын атеисттерге болгон көз карашы тууралуу болду.
«Көпчүлүк мени абдан динчил деп айтышат. Жараткан Кудайга ишенүү мени көптөгөн кырсыктардан сактап турат. Бул мага мыйзамды бузбай, коррупциялык иштерге аралашпоого жардам берет. Адам Кудайдан коркконунда эч жамандык жок. Эгерде баардыгы Кудайдан корксо, бизге Конституция деле кереги жок болмок,» – деди Сооронбай Жээнбеков.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ