Menu

Бүгүн “Ата-Мекен” партиясынын тизмесинен дагы 4 талапкер чыкты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-декабрь күнү Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына өз каалоосу менен “Ата Мекен” партиясынан чыгуу тууралуу арызы менен дагы 4 адам кайрылды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алар: Талант Узакбаев, Ташполот Балтабаев, Рыспек Мирзаматов жана Болот Шер.

Буга чейин “Ата Мекендин” лидери Алманбет Шыкмаматов депутаттык укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арыз жазып, партиядан чыкканын айткан.

БШК бүгүнкү жыйналышта жогоруда арыз менен кайрылган 4 адамды Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.

Белгилей кетсек, жогорудагы арыз жазгандар эгер Шыкмаматов кетсе, мандат ала турган талапкерлерден. Алардан кийин Ош облусунан Нургүл Бакирова турат. Анын артында Болот Шер. Ал мурда Жогорку Кеңеште депутат болгон.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: