2019-жылдын 13-ноябрында “Манас” эл аралык аэропортунда белгисиз адам уурулукка барган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 5-февраль күнү билдирди.
Алардын айтымында, ИМдин Транспорттогу ички иштер бөлүмү тарабынан КРнын жоруктар жөнүндө кодексинин 90-беренесинин (уурдоо) алкагында сотко өндүрүштүн алкагында уурулукка шектелген жаран изделүүдө. Маалым болгондой, жүргүнчүлөр аэропортко кирерде металлодетектор аркылуу текшерүүдөн өтүшөт. Т.У. аттуу жаран текшерүүдөн өтүп жатканда койгон буюмдарын унутуп кеткен. Анын артынан текшерүүдөн өткөн белгисиз жаран, Т.У.га таандык буюмдарды алып кеткен.
ИИМдин Транспорттогу ички иштер бөлүмү эгерде сүрөттөгү жаранды көргөн билгендер болсо, (0312) 693535, 0555651188 номерлери аркылуу кабарлап коюуңуздарды суранат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ