Бул туурлауу 20-ноябрда Психикалык ден-соолуктун республикалык борборунун директорунун орун басары Кубанычбек Эрмегалиев билдирди.
Ал сандарды келтирип, азыркы учурда жүрөк-кан тамыр оорулары биринчи орунда экенин белгиледи. Бирок врач жакынкы 5 жылда психиканын бузулушу биринчи орунга чыгат деп эсептейт.
“Азыр ушундай тендеция бар, психиканын бузулушу өсө берет, анан көп маселе жаралат. Бардык маселелерди бүгүнтөн баштап чечүү керек”, – деди ал.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ