Menu

Ташкентте Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча сүйлөшүүлөр өтөт

Бөлүшүү:

Жакында Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн жумушчу топ Ташкентке барат. Бул тууралуу парламент жыйынында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев билдирди.

Анын айтымында, жумушчу топ 2018-жылдын аягында түзүлгөн.

«Бул маселе боюнча алдын ала телефон аркылуу сүйлөшкөнбүз. Андан соң биринчи вице-премьердин катышуусу менен талкууланган», — Кадырбаев.

​2017-жылдын 5-сентябрында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, анда Камбар-Ата ГЭСин чогуу куруу боюнча кыргыз тараптын сунушун колдоого аларын жарыялаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: