Menu

Азизбек Турсунбаев, “Кыргызстан” фракциясынан ЖК депутаты: “Суу сактагыч боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүү зарыл”

Бөлүшүү:

– Азизбек Атакозуевич, Орто-Токой суу сактагычы боюнча жакшы маселе көтөрдүңүз. Маселени чечүүгө эмне тоскоол болуп жатат?

– Өзүңүздөр жакшы билесиздер, Орто-Токой суу сактагычы Өзбекстандан Кыргызстандын карамагына өткөн. Бирок, тилекке каршы, кыркчакты милиционердин айлыгын жарым жылдан бери бере албай, суу сактагыч дээрлик кароосуз калган. ИИМ менен айыл жана суу чарба министрлигинин ортосунда келишим болбой калган. «Ал суу сактагыч стратегиялык объект» деп мен ошондо да Жогорку Кеңеште маселе көтөргөм. Азыр ал маселенин чечилгенин айтьшпы. Эми Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда келишим бар да. Өзбекстан тарап толугу менен каржы жагын камсыздап, ремонт иштерин жасап, суу сактагычты сезонго даярдайт. Бирок, бул боюнча бүгүнкү күнгө чейин сүйлөшүүлөр боло элек. Өзбекстан тарап сүйлөшүүлөргө кызыкдар, себеби, аларга жаз эрте келет. Келишим боюнча биз аларга суу беришибиз керек да. Мен ошол чөлкөмдүн депутаты катары барып, суу сактагычты көрүп келгем. Акыбал өтө начар. Тезинен ремонт иштерин жүргүзүү керек.

– Сиз суроо бергениңизде айыл жана суу чарба министринин орун басары «жакында сүйлөшүүлөр болот» деди. Бирок, жаз келип калбадыбы. Мындай сүйлөшүүлөр эчак эле жүргүзүлүшү керек эле да?

– Мен ошону айттым да. Убакыт тар. Өзбекстанга жаз бизге салыштырмалуу 15-20 күнгө эрте келет. Аларда азыр жаз. Ошон үчүн сүйлөшүүлөрдү тездетүү керек.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: