Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Мамлекеттик каржы институттары 25 млрд сомдон ашык кредит жана гарантия берди

Бөлүшүү:

“2018 -жылы экономиканы каржылоо иши жакшырды. РСК Банк, Айыл Банк жана Кыргыз-Орус өнүгүү фонду тарабынан, Кепилдик фонддун колдоосу менен жалпысынан 25 млрд сомдон ашык кредит жана гарантия берилди”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кыматы билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, региондордо жаӊы ишканаларды көбөйтүү максатында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түз каржылоонун чегин 1 млн. доллардан 200 миң долларга чейин төмөндөттү. Бул каражаттардын ичинен 50 пайыздан ашыгы кайра иштетүү тармагына жана агроөнөржай комплексине берилди.

“Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду региондордо өзүнүн өкүлчүлүгүн ача баштады, мурункудай эшигин жаап алып, эми “элитный” Фонд болбойт. Бул региондор үчүн иштей турган Фонд болот”, – деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Президент РСК Банк тарабынан региондорго берилген кредиттердин өлчөмү 852 млн сомго, же 11 пайызга көбөүп, азыр РСК Банк өзүнүн берген кредиттеринин 71 пайызын аймактарга бурганын белгиледи.

Айыл чарба тармагын каржылоо иштери жакшырып, Айыл Банк тарабынан өткөн жылы 13,2 млрд сом, мурдагы жылга караганда 2,5 млрд сомго көп кредит берилгенин, кредиттердин саны 5 миңге жакын өскөнүн айтты.

“Мен премьер-министр болуп турганда Кепилдик фондун түзгөнбүз. Эмне үчүн региондор өнүкпөй келген? Анткени кредиттер келбей, бюджеттик кредиттик саясат аларга жетпей келген. Ишкерлерде насыя алыш үчүн күрөөгө коё турган мүлкү жок. Мына эми бул маселеге көңүл бурулуп, Мамлекеттик кепилдик фонду аларга көмөк көрсөтүүдө, Фонд тарабынан берилген каражат 3 эсеге көбөйүп, 755 млн. сомго 656 долбоорго кепилдик берилди. Кепилдик фонд менен өнөктөш банктар аймактарда насыяларды берүүнү эки эсе көбөйтүп, жалпы суммасы 3 млрд сомго жакын кредит беришти. Бул дагы көбөйөт, регионго, айрыкча кайра иштетүү продукциясына каражаттарды бурабыз”, – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

“Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн финансылык негиздери чыңдалды, региондорду өнүктүрүү үчүн республикалык бюджетте өзүнчө берене менен 2 млрд сом каралды. Бул каражаттар биринчи кезекте экспортко чыккан багыттарды колдоого жумшалат, максаттуу кетет. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ордуңарда отура бербей, кыймылдагыла, каражаттарды тартканды үйрөнгүлө, бизнести өнүктүргүлө, ага жардам бергиле, кысымга албагыла”, – деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: