Menu

Билим берүү жана илим министрлигинин 2-6-класстардын окуучулары үчүн билим берүү процессин реалдуу режимде уюштурууга байланыштуу маалыматы

Бөлүшүү:

КР Билим берүү жана илим министрлиги 2-6-класстардын окуучулары үчүн билим берүү процессин реалдуу режимде уюштурууга байланыштуу төмөнкүлөрдү маалымдайт. Бул тууралуу кечээ, 4-октябрда КР Билим берүү жана илим  министрлигинин  басма сөз кызматы билдирди.

Өлкөнүн территориясында жай мезгилинде (июнь-август) коронавирус инфекциясынын жайылышы боюнча түзүлгөн кырдаалдын шарттарында 2020-2021-окуу жылынын 1-сентябрынан тартып билим берүү процесси реалдуу режимде жалпы билим берүү уюмдарынын биринчи класстарынын окуучулары үчүн гана уюштурулган.

Билим берүү процесси башталгандан бери территориалдык билим берүү органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана саламаттык сактоо органдары менен биргеликте окуучулардын келүүсүнө күн сайын мониторинг жүргүзүүдө. Сентябрдын аягына карата сабакка катышуунун пайызы 99% түздү.

Ошол эле учурда ата-энелер иштегендигине байланыштуу онлайн-сабакка катышууну көзөмөлдөөнүн мүмкүн эместиги жөнүндө ата-энелер коомчулугунун кайрылуулары күн сайын келип түшкөн, бул окуучулардын мектептик билим алуу деңгээлине таасирин тийгизет.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Билим берүү министрлиги өлкөнүн аймагында коронавирус инфекциясын (COVID-19) алдын алуу жана андан ары жайылуусуна жол бербөө боюнча Республикалык штабдын кароосуна жалпы билим берүү уюмдарынын 2-6-класстарынын окуучулары үчүн билим берүү процессин реалдуу режимде уюштуруу жөнүндө сунуш киргизген.

Республикалык штаб тарабынан 2020-жылдын 30-сентябрында кабыл алынган чечимдин негизинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы чараларды (COVID-19) сактоо боюнча Иш-аракеттер алгоритми иштелип чыгып, бекитилген. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2020-жылдын 6-октябрынан тартып менчигинин түрүнө жана формасына карабастан жалпы билим берүү уюмдарынын 2-6-класстарынын окуучулары үчүн билим берүү процессин реалдуу режимде уюштуруу жөнүндө буйрук чыгарылган.

Территориалдык билим берүү органдарына билим берүү процессин уюштурууда бекитилген Иш-аракеттер алгоритмин жетекчиликке алуу, ошондой эле окуучулардын сабакка катышуусуна мониторинг жүргүзүү, ар бир мектеп боюнча окуучулар жана мугалимдер арасында респиратордук оорулар көбөйгөндүгү аныкталган учурларда ыкчам түрдө аймактык саламаттык сактоо органдарына токтоосуз маалымдоо боюнча тапшырма берилген.

Ошол эле учурда жалпы билим берүү уюмдары жайгашкан жерлерде эпидемиологиялык кырдаал начарлап кеткен учурлар байкалса, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана саламаттык сактоонун аймактык органдары менен биргеликте коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу менен аралыктан (онлайн) окутууга өтүүгө чейин чараларды көрүүгө тийиш.

Иш-аракеттер алгоритми менен окуучулардын санына жана материалдык-техникалык базага жараша билим берүү процессин уюштуруунун ар кандай варианттары каралган, бул – сабактардын ар кандай башталышы, ар кандай тыныгуулар, ашканага барууда ар кандай кезмет ж.б.

Ошондой эле климаттык шарттарды эске алуу менен “Жашоо-тиричиликтин коопсуздугунун негиздери”, “Мекен таануу”, “Этика”, “Дене тарбия” предметтери боюнча сабактардын бир бөлүгүн таза абада өткөрүү каралган.

Окуучулардын контингенти чоң болгон жана билим берүү процессин уюштуруу үчүн шарттар жок болгон жалпы билим берүү уюмдары үчүн Иш-аракеттер алгоритмине ылайык физика-математикалык жана табигый илимдер багытындагы предметтер боюнча сабактарды реалдуу режимде, ал эми гуманитардык багыттагы предметтер боюнча сабактарды – дистанттык форматта өткөрүү сунушталат.

Ошол эле учурда окуучулардын контингенти чоң болгон жалпы билим берүү уюмдарын ачууга уруксат берүү ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн аймактык борборлорунун корутундусунун негизинде гана ишке ашырылат.

Ар бир жалпы билим берүү уюму буга чейин тамак-ашты уюштурууга карата бөлүнгөн каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен керектүү дезинфекциялоочу каражаттарды жана жеке гигиена каражаттарын сатып аларын, ошондой эле окуучулар үчүн да, педагогдор үчүн да коопсуз чөйрө түзүү үчүн керектүү иш-чараларды өткөрөрүн белгилейбиз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: