Учурда презденттикке талапкер Садыр Жапаров шайлоо алдындагы үгүт иштерин Талас облусунан баштап, андан кийин Кыргызстандын түштүгүндөгү аймактарды кыдырып, эл менен жолугушуп жүргөн кези.
Алай эли менен жолугушуу учурунда Садыр Жапаров эл алдында сүйлөп жаткан кезде “Садыр Жапаров президент” деген желекчелерди көтөрүп турган кыз эси ооп кулап түштү.
Видеотасмадан, Садыр Жапаровдун “тез жардам чакыргыла”, “тилин чыгаргыла”, “эс алдыбы?” деп сурагандарын угууга болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ