Menu

Тынчтык Шайназаров, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан ЖК депутаты: “Оштогу көйгөй… Одоно айтканда, акмакчылык!”

Бөлүшүү:

– Тынчтык мырза, Ош шаары менен Мады айылынын ортосунда суу маселеси боюнча пикир келишпестик болуп жатыптыр. Чырдын себеби эмнеде?

– Бул мындай да. Мады айылында булактар көп. Союз мезгилинде үч түтүк менен ал суулар Ош шаарына тартылган. Оштун бир бөлүгүн Мады таза суу менен камсыздайт. Анан кандайдыр бир жасалма кагаздардын негизинде Ош шаардык суу чарбасы «Мадынын суусу биздин баланста» деген маанидеги чечим чыгартып алат. Мындай алып караганда, бул акылга сыйбас нерсе да. Айылдыктар момун, айкөл эл. «Бизге суу жетиштүү, оштуктар деле ичсин да» деп, учурунда ага көп маани биришкен эмес. Азыр эми суу түтүктөрү бузулса Мады айылы ремонт жасайт, акчасын Ош суу чарбасы топтоп кетет. Жакында болсо Ош шаардык кеңешинин депутаттары таза сууга тарифти көтөрүү боюнча чечим чыгарышыптыр. Ошол токтомду көтөрүп алышып, суу чарбасындагылар Мады айылынын тургундарына «сууга эми акыны мурдагыга караганда көбүрөөк төлөйсүңөр, болбосо баарыңардын сууңарды кыркабыз» деп атышат. Бул эч кандай логикага жатпайт. Ошон үчүн эл нааразы болуп, мага телефон чалышты.

– Бирок, өкмөттүн парламенттеги өкүлү андай болбошу керек. Ош шаардык кеңешинин чечими шаардын ичинде гана иштейт деди го?

– Ооба. Мен да ошону айтпадымбы. Мисалы, Кыргызстандын мыйзамы Өзбекстанда иштебейт да. Бул одоно айтканда, акмакчылык! Сиздин кошунаңыз «огородуңдагы эгин үчүн салыкты мага төлөйсүң» деп айткан сыяктуу эле нерсе. Тескерисинче, мадылыктар «сууну бизден алып атасыңар, бизге төлөгүлө» дешсе жарашмак.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: