Menu

Медер Бишкек, Чыгыш медицинасы боюнча дарыгер, тай-цзи чебери: “Иним Алтынбектин сөөгүн дале мүрзөлөрдөн издеп жүрөм”

Бөлүшүү:

Кыргыз элинин түрдүү тармактагы таланттары, иштин көзүн билгендери бар. Аларды мамлекет бөпөлөп, өлкө үчүн иштеп берүүсүнө жакшы шарт түзсө, балким эчак өнүгүү жолуна түшмөктүрбүз. Чыгыш медицинасы боюнча дарыгер, Тай-цзи чебери Медер Бишкекти омуртка грыжасы ж.б. түрдүү оорулары, суроолору менен Германиядан, Катар, Кувейт, Түркия, Россия, Казакстандан издеп келишет. Баркташат. А бизчи, ал адамды баалай алдыкпы? Ал жазган ар бир кыргызга керектүү китептерди барактадыкпы?..

– Кыргыз элибиз, бүгүнкү саясый абалыбыз, коом, жашоо, турмуш тууралуу эмнелерди ойлойсуз? Эмнелер жүрөк оорутат?

– Өлкөбүздүн саясый абалы океандын ортосунда калган кораблдей – конкреттүү максат жана багыт жок. Же Чыгышка, же Батышка жөнөш керектигин билбей, ой келди жүрүп отуруп, жүргүнчүлөрүн да ыңгайсыз абалга калтырууда. Ал эми экономикалык абалыбыз ташбаканын жүрүшүндөй. Эгер Түштүк Корея күлүк ат болсо, салыштырмалуу Кыргызстандын жүрүшү ташбакадай. 2018-жылкы мамлекеттик бюджетибиз 1 млрд. 400 млн. АКШ долларын түзсө, ички дүң продукция 7 млрд. доллар болуптур. Ал эми Түштүк Кореянын мамлекетгак бюджети 500 млрд. доллардын тегерегинде, а ички дүң продукциясы 1 триллион 500 млрд. долларга жетиптир. Эми эки өлкөнү салыштырып көрөлүчү: байыркы убакта 840-жылы Кыргыз каганаты түндүгү Алтай, Түмөндөн, түштүгү улуу Кытай чебине, батышы Урал Кавказдан, чыгышы Камчы атка дейре кең болгону тарыхта жазылат. Ал убактарда корейлер кыргыздын чыпалагына тең келчү эмес. Ал эми бүгүнкү күндө өзгөчө Түштүк Корея жарык ылдамдыгындай күн санап өнүгүүдө. Эмнебиз кем корейлерден? Аларда бар көз бизде да бар, кол, бут, мээбиз бар. Кыргыздар орус туугандарга окшоп, күчтөрүн кен байлыктан гана чыгарышууда. Орустар экологиясын бузуп, нефть, газ чыгарса, кыргыз алтын казып, жаратылышыбызды талкалап жатабыз. Бирок, бүгүнкү күнгө дейре «мээ» деп аталган укмуштай күчтүү «кен байлыкты» иштетпей келебиз. Ошол эле учурда корейлер мээни иштетип, эң өнүккөн сегиз өлкөнүн бирине кирет. А Кыргызстан 148-орунда. 2017-жылы «Самсунг» компаниясы 225,2 млрд. доллар киреше тааптыр. Кыргызстандын бюджети, жүздөгөн ийгиликтүү компаниялары бар, бирок корейлердин бир компаниясынын кирешесине жетпейт экен. Бул эмне деген шумдук?! 2018-жылы «Мицубиси» компаниясы 532 млрд. доллар айлантыптыр. Кыргызстан Японияга эмес, анын бир ишканасына жетиш кайдан?.. Эгер азыркы ташбака темпи менен кетсек, дагы аракет кылып, 500 жыл жашашыбыз керек экен.

Мен оптимист адаммын, кыргызда таланттуу адамдарыбыз абдан көп. Болгону аларды колдой турган программа жок. Уникалдуу таланттарыбыз чет өлкөлөрдө толтура. Ошолордо мээ бар иштей турган. Ал эми мээсин өлкөнү мите курттай жеп, тоноп гана байыганга иштеткен адамдар мамлекетке эч качан өнүгүү тартуулай албайт. Азыркы президентибиз Сооронбай Жээнбеков дал ошол сыртта жүргөн же Кыргызстандагы таланттуу инсандарыбызды четинен алып келип иштетсе, өнүгүүгө өбөлгө болор эле. Дал ошол Кыргызстанга күйгөн мекенчил таланттарыбыз улуттук идеологияны да, экономикалык программаны да түзүп, азыркы бийлик системасына позитивдүү багытта иш алып барууга пайдубал куруп берер эле.

– Бир топ китептериңиз жарыкка чыкты. Эмнелер тууралуу жаздыңыз? Китептер тууралуу ой бөлүшсөк?..

– Китеп окуган кандай керемет! Мухаммед (С.А.В) пайгамбарыбыз «керек болсо өнөрдү Кытайга да барып үйрөн» деген. Китеп окуп, билим алып, илим үйрөнүү – адамдык сапатты бийик деңгээлге көтөрөт эмеспи. «Колунда китеби бар адам – эч качан жалгызсырабайт» деген экен Карло Гольдони. Чыгыш жана Батыш медицинасы, философиясы, психологиясы, тарых, көркөм чыгармалар, улуу инсандардын өмүр баяндары, экономика, мамлекеттик башкаруу системалары, идеология ж.б. темалар тууралуу миндеген китептерди окуп, илимге-билимге кызыгуум барган сайын күч алууда. 40тан ашык китеп жазып, 8 чактуу китептерди жарыкка чыгардым. «Тай-цзи сыры ачылсын», «Тай-цзи керемети: 24-форма», «Кыргызча тактык: 5 мүнөт эрте!», «Кыргыз кыргыздан соода кылат», «Кыргыздар таңды сурья-намаскар менен тосушат», «Император – Каган массажы», «Кыргызстанцы встречают утро с сурья-намаскар» китептери. Ал эми бир жуманын аралыгында «Кыргыз үйгө киргенде дароо колун жууйт» аттуу идеологиялык китебим жарыкка чыкканы турат. Таңкы саат 8ден түнкү 11-12лерге чейин омуртка грыжасы менен ооруган адамдарды карап, китеп окуганга жана жазганга убакыт аз болуп, 30дай китебим корректордун колунан өтө элек. «Цигун-ХХI кылымдын медицинасы», «Ийкемдүүлүк – ийгиликтин ачкычы», «Кыргыз айымдары – Кыргызстанды сактап калат», «Мекенчилдик – Кыргызстанды өнүктүрөт», «Тай-цзи терапия», «Медитативдүү сүйүү адамдын бактысын ачат», «Кыргыз президенти кандай адам болуш керек?», «Кыргыздын 7 күндүк майрамы» сыяктуу китептерим кезекте турат. Быйыл үлгүрбөсөм кийинки жылга толук чыгарып бүтүрүүгө максаттарым бар. Статистикага караганда, Америкада бир жылда ар бир америкалык 60 китеп окуп чыгат экен. Ал эми Кыргызстанlа ар миңинчи адам бир китеп окуйт экен. Мындай жол менен өлкөбүздүн өнүгүшү кыйын. Саясатчыларды гана күнөөлөй бербей, ар бир адам өзүнүн билим деңгээлин көтөрүп, балдарды телефон чукулатпай китеп окуганга үйрөтүп, илим менен билимди туу тутсак, жашоо образыбыз да оң тарапка өзгөрөт эле деп айтар элем.

– Сиз таң берип, баалап окуган китептер, китептеги окуялар тууралуу кызык болуп турат?..

– Мен баалаган китептер абдан көп. Кээ бир авторлор жана алардын китептери тууралуу кыскача айтайын. Көркөм чыгармада Робиндранат Тагор, Калил Джебран, Ли Бо, Джами, Гете, Шекспир, Басе, Калидаса, Оноре де Бальзак, Бернард Шоу, Лев Толстой, Джек Лоңдон, Чынгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков болсо, философияда Конфуций, Лао Цзы, Дж.Кришнамурти, Ошо Раджниш, Сократ, Демосфен, Пифагор, Гераклит, Спиноза, Ницше, Уильям Джеймс, Ральф Уолдо Эмерсон, Шопенгауер, Монтень, Йегуда Берг. А диний философиядан Мухаммед (С.А.В), Будда, Иса, суфийлерден Бахаудин Накшбанди, Аль Газали, Омар Хайям, Ар Рази, Рабия аль Адавия, Ахмед Яссеви, Дзен буддизмден – Бодхидхарма, Хакуин, Исан, Судзуки, Алан Уотс. Психологиядан Зигмуңд Фрейд, Карл Густав Юнг, Адлер Альфред, Дейл Карнеги, Джо Диспенза. Өмүр баяндардан Акио Марита, Коносуке Мацусита, Генри Форд, реформаторлордон Мустафа Кемаль, Людвиг Эрхард, Ли Куан Ю, Мохамад Махатхир, Дэн Сяопин, Пак Чон Хи сыяктууларды айтар элем.

Китептерде кызыктуу окуялар абдан көп. Бир эки мисал: Джо Диспенза катуу авариядан соң дарыгерлер «өмүр бою баспайт» дегени менен Джо устат ойдун, визуализациянын жардамы менен толук айыгып басып кеткен. Ал эми Даниель Амен болсо мээнин иштешин жогорулатып, бетиндеги бырыштарды кетирип туптунук кылып, карылыгын жеңип, жашарып алганы дүйнөнү таңкалтырууда.

– Сизди устат катары баалагандар көп. Сиздин устаттарыңыз, баалаган адамдарыныз кимдер?

– Менин руханий устатым Макен Исаков. Башка устаттарым да бар деңизчи, бирок эң эле улуу устат катары мен Жашоо Устатын айтар элем.

– Адамдарды өзгөртүүгө кандай жардамыңыз бар?

– Кудайга шүгүр, тай-цзи залыма депрессияга түшкөн жүздөгөн адамдар машыкканы келишип, оңолуп, ден соолуктары чыңалып, позитивдүү көз карашка өтүп, ийгиликтүү эмгекгенишип кетишти. Чыгыш жоокердик өнөрлөрү башка адамды эмес, өзүн-өзү жеңгенге тарбиялайт. Кемчиликтерин жеңүүгө үндөйт. Мисалы, зыяндуу адаттардан: тамеки чегүү, спирт ичимдиктерин ичүү, насвай чегүү, корс мүнөздүүлүк сыяктуу терс сапаттардан арылышты. Бул да болсо менин жеңишим. Медитация, ауготренинг, эмоционалдык-эрктүүлүк машыгуулары адам баласынын психологиясын өзгөртүүгө чоң жардамын көрсөтө алат экен.

– Иниңиз Алтынбек үчүн жүрөк көпкө ооругандыр… Бүгүн кандайсыз? Кимди күнөөлөйсүэ?

– «Бир тууган инимди туура эмес өлтүрүштү» деп эсептейм. «Түрмөдөн качты» деген гана статья менен күнөөлөшсө болмок. Ага туура келбеген жети статьяны коюшуптур. Жок дегенде сөөгүн ата-энесине берип коюшса болмок. Терроризмге анын тиешеси жок болчу. Тагдыр экен, Алтынбектин өмүрү трагедиялуу болду. Эми сөөгүн дагы деле сураштырып жүрөм. Бийлик кызматкерлеринен сураштан майнап чыкпайт. Мүрзөлөрдөн издеп сураштырам, коркушабы, айтышпайт. «Президентке кат жазып кайрылсамбы» деп, «азырынча коё турайын» дедим. Мен Кудайга шүгүр, өтө бактылуу адаммын, эгер менин бактым чоң дарак болсо, Алтынбек анын чоң бир бутагы эле. Бир бактыман айрылдым. Бирок ата-энем, башка бир туугандарым, үй-бүлөм үчүн бактылуумун. Кыргызстандай өлкөм бар үчүн, устатым Макен Исаков жана он миңдеген шакирттерим, кыргыз элим бар үчүн да бактылуумун! Инимди өлтүргөндөрдү жана өлтүрүүгө аракет кылгандарды да кечирдим. Чыгышта жана исламдагы суфизмде, хасидизмде, каббалада, дзен, даосизмде жашоону башкача түшүндүрүшөт. Болгону, инимдин жаткан жерин таап, анын күнөөлүү эмес экенин мыйзам түрүндө актап, Аксыга алып барып мусулманча көмүп койсом дагы бир тепкичке бактылуу болор элем.

– Адамдардын бүгүнкү жан-дүйнөсү кандай? Рухий ачкачылыкта калгандайбыз, кандай пикирдесиз?

– Кыргызстан эли гана эмес, дүйнө элдери руханий ачкачылыктан жабыр тартууда. Бирок, кыргыз эли башкаларга караганда руханий азыкка көбүрөөк муктаж. Батыш өлкөлөрү тынбай Тибеттен, Кытайдан, Япониядан, Индиядан олуя даанышман устаттарды чакырып турушат. Мисалы, Шри Чинмойдун лекцияларына өнүккөн өлкөлөрдүн премьер-министрлери, президенттери барып катышып турушканы белгилүү. Мисалы, Нельсон Манделла, Михаил Горбачев, Рим папасы, Тереза эне жана башкалар. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев маркум олуя Саи Бабага Индияга 15 жолу барыптыр. Кичүү Джордж Буш да барам деп үлгүрбөй калган экен. Россиянын президенти Владимир Путин да күн сайын эртең менен медитацияга отурганы интернет булактарында бар эмеспи. Бир убактарда Тибеттин олуясы Геше Джампа Тинлей устатты Россияга чакырышкан. Ал Тибеттин шаматха деп аталган медитациясын үйрөтүп кеткен. Руханий окуулардагы эң маанилүү маселе – бул ашыкча ойлорду аң-сезимден тазалоо болуп эсептелет. Бир суткада адамдын оюна 40 миңдеген ойлор келет. Мына ошол ойлорду токтотууну билбей, адам баласы чачыранды, уйгу-туйгу ойлордон азап чегип жашайт. Миллион эмес миллиард доллары болсо да өзүн бактылуу сезе албай, түбөлүк тынчсыздануу, кыжаалатчылык менен өмүрү өтүп кете берет. Ойду токтото билген адам кайда болсо да, кандай кыйын шартта болсо да бактылуу боло алат. Аң-сезимдеги ашыкча ойлорду тазалоо менен адам баласы бул жашоого эмне үчүн келгенин жана бул жашоонун маңызын түшүнө баштайт. Эки жылдан кийин буюрса мен биздин бийликтеги жетекчилерге медитациянын программасы аркылуу Ажыдаар жана Азиянын жолборс өлкөлөрү (АКШ, Германия, Франция, Япония, Түштүк Корея, Сингапурду) канткенде 10 жылда кууп жетсе болору тууралуу программамды сунуштайм. Ойду иретке келтиргенде иш жөндөмдүүлүк өркүндөйт, стресстен бошонгон адам сапаттуу иш алып барат, нервдер тынчыраак болсо түшүнбөстүк азайып, акыл-эс мыкты иштей баштайт. Аң-сезим таза болсо кабыл алуу күчтүү болот, ойду башкара билген жетекчи элин кыйналбай башкарат.

-Жашоо, сүйүү, өлүм тууралуу кандай ой жүгүртөсүз?

– Сүйүү – бул жашоонун маңызы деп эсептээр элем. Сүйүү бир адамга гана арналып чектелгенде, анын чырагы өтө эле кичинекей болуп, жарыгы бөлмөнү толук жарык кыла албайт. Сүйүү сезими медитативдүү болуш керек. Эгер адам баласындагы сүйүүдө медитация жок болсо, анда анын жашоосу супсак болуп, кайгы-капа, нааразылык, көралбастык, түшүнбөстүк, бактысыздык менен өтүп кетет. Руханий окууларда өзүн-өзү таанууда медитация жападан жалгыз ачкыч болуп эсептелет. Сүйүүнүн эң жеткен чеги – бул мээримдүүлүк деп аташат. Адаттагы сүйүү акылдан болсо, мээримдүүлүк жүрөктөн согот. Медитативдүү сүйүү үй-бүлөдө, илим-билимде, жумушта, саясатта, искусстводо, руханий багытта, динде ж.б. жашоонун баардык кырдаалдарында болсо, өмүр өзүнүн максатына жетет. Ал эми өзүн-өзү тааныган адам үчүн өлүм бул тыйындын экинчи тарабындай эле жашоонун экинчи тарабы. Ким жашоону тааныса, ага өлүм деле түшүнүктүү болот. Адам эгер жакшы адам болуп, үй-бүлөсүнө, элине, мамлекетине жаратман эмгектери менен таанылса жана жакшылыктарды алып келсе, анда ал адам эң эле бактылуу адам болуп тарыхта изи кала берет. Ал адамдын жүрүм-туруму, насыяттары түбөлүк адамзатына жакшылык алып келе берет да, ааламдын көркүн ача берет…

Жамиля Нурманбетова
Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: