Menu

Европа, Америкадан кино тартмакчыбыз “Ак бата фильм” кинокомпаниясынын администратору жана гримёру Айтбүбү Абдиева менен маек

Бөлүшүү:

– Айтбүбү айым, “Президент жана бомж-1-2-3, “Москва сүйүүсү”,“Миллионердин сүйүүсү”“Төңкөрүш” өңдүү популярдуу кино тасмаларын тарткан кадыр-барктуу кинокампанияга кандайча кызматка кирдиңиз?

– Ооба, биз үй-бүлөбүз менен “Президент жана бомж”, “Президент жана бомж-2” тасмаларын көп жылдардан бери зор кызыгуу менен көрүп келатабыз. Ал эми быйыл март айында чыккан “Миллионердин сүйүүсүн” кайра-кайра көрүп тажабай улам кызыгуубуз артууда. Андыктан анын сценаристи жана продюсери Өмүрзак Төлөбеков менен социалдык түйүндөр аркылуу байланышып, жакшы пикирибизди билдирип турдук. Ошентип “Ак бата” кинокомпаниясынын жетекчиси менен чыгармачылык тыгыз байланыш түзүүгө жетиштик. Мен болсо Кыргыз -Өзбек Университетинин чет тилдер факультетинин 2-курсун бүтүрүп, сырттан окууга которулгам. Өзүм кичине кезимден киного абдан кызыкчумун. Ошондуктан агаларым аркылуу Өмүрзак байкеге чыгармачылык ынтызарлыгымды билдирсем ал киши жакында чет өлкөлөргө Чыгышаарынан улам чет тилди анча-мынча билгенимди эске алып, кино топто гримдөөчү жана уюштуруучу (администратор) болуп үйрөнүп кызмат кылууну тапшырды.

– Азыр кайсы фильмди тартууга катышып жатасыз?

– Кино тартуунун алдында даярдык көрүүчү мезгил болот экен. Биз азыр “Карахан таажасы” көркөм тасмасына даярдык жумуштарын жыйынтыктап жатабыз. Ошондой эле, кыска метраждуу жана даректүү тасмаларды тартуудабыз.

– “Ак бата фильм”бир катар белгилүү көркөм жана “Дүйнөлүк Назарбаев” даректүү тасмаларын тартканынан кабардарбыз. Ал эми кыска метраждуу тасмалар тууралуу укпаптырбыз.

– “Ак бата фильм” Интернете, ютубда “Ак бата” каналы» ачууга даярданып, бир катар кыска метраждуу жана даректүү фильмдерди, видео роликтерди тартууга киришти.

-“Карахан таажысы” көркөм жана “Дүйнөлүк Назарбаев “даректүу тасмаларынын эпизоддору көптөгөн чет өлкөлөрдө тартылганы жатканынан кабарыбыз бар. Жакында чет мамлекеттерге чыгармачыл сапарларга чыкканы турсаңыздар керек.

– Ооба, Кудай буйруса, жакын арада Европа, Америка мамлекеттеринде кино фильмдерге бир катар кызыктуу эпизоддорду тартып келүүгө даярданып жаткан чагыбыз.

– Айтбубу айым, жаш экениңизге карабай жооптуу жүктү аркалап баштаган экенсиз. Аалам аралап чоң ийгиликтерге жетишишиңиздерге тилектешпиз.

Тулбара Сатыбалдиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: