Menu

Байден: Трамп АКШнын дүйнөдөгү беделин түшүрүүдө

Бөлүшүү:

Мурдагы вице-президент, Демократиялык партиядан АКШ президенттигине башкы талапкер Жо Байден Дональд Трамптын дүйнөлүк аренадагы аракетин экстремалдуу деп атады.

Байден шайлоо кампаниясынын алдында Нью-Йоркто студенттер менен жолугушуп жатып, Трамп Американын беделин, дүйнөдөгү ордун түшүргөнүн билдирди.

Байден Кошмо Штаттардын Климаттын өзгөрүшү боюнча Париж келишимине кол коюудан баш тартышын, Иран менен өзөктүк келишимди бузушун, Транс-Тынч океан соода келишиминен кол үзгөнүн жана Трамптын АКШнын НАТОдон чыгуу ыктымалдуулугу тууралуу билдирүүлөрүн кескин айыптады.

Байден эгер президент болуп шайланып калса, Ооганстандагы аскерлердин көпчүлүк бөлүгүн чыгарып кетүүгө, Сауд Арабия жана Йемендеги аскер кампанияларына колдоо көрсөтүүнү токтотууга, АКШнын НАТО боюнча милдеттемелерин тастыктоого убада берди. Израилдин коопсуздугуна колдоо көрсөтүү талапкердин приоритеттеринин бири. Бул жактан алганда Байден менен Трамптын позициялары окшош.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: