Орусиядан 2010-жылы келе калып, «Мекен Ынтымагы» саясий партиясын түзүп, ошол жылы өткөн парламенттик шайлоого, 2011-жылы президенттик шайлоого катышып марага жетпей калган. 2015-жылы да аталган партиясы менен парламенттик шайлоого катышып дагы борттон сырткары калган, саясат, шайлоо дегенден көңүлү калбаган саясатчыбыз бар. Аты-жөнү – Темирбек Асанбеков. Эми эмдиги жылы боло турган шайлоого кызуу даярданып чапкылап жүргөн учуру. Мындан улам бизди укса-укпаса дагы, арзыбаган сунуш айтып коелу деп чечтик. Темирбек мырза, баягыдай амбиция менен шайлоого аттансаңыз, дагы «мыш» болосуз. Босоголук чек 7% кезинде өтө албаган парламентке 9% чек болгондо өтөм дегениңиз абсурд. Андан көрө «төшүтүктүү» партиялар менен бириккениңиз туура болчудай. Эптеп бирөөнүн этегине эрмешип, парламенттин босогосун аттап алсаңыз, анан тепилдей бересиз да…
Булак: “Де-факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ