Menu

Абакта жаткан Алмаз Атамбаевди тарапташтары туулган күнү менен куттукташты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-сентябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө карата анын тарапташтары жана уулдары  УКМКнын имаратынын жанында пикетке чыгышты. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирип, видео, сүрөттөрдү жүктөдү.

Имараттын алдына 10дой адам чогулуп, колдоруна желим шарларды жана куттуктоо жазылган плакаттарды көтөрүп алышкан.

Анын айтымы боюнча, КСДП партиясынын мүчөлөрү Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктоо үчүн УКМКнын имаратына келишип, депутаттар Асел Кодуранова, Мурадыл Мадеминов жана Мухтар Айнакулов Алмазбек Шаршенович менен жолугушууга киришкен.

Мурдагы президенттин жубайы Раиса Атамбаева жолдошуна туулган күнү менен куттуктап, белек катары китеп жана майрамдык сый тамак ала келген. Бирок, Алмазбек Атамбаевге үй-бүлө мүчөлөрү менен жолугууга уруксат берилген жок.

Алмазбек Атамбаев 1956-жылы 17-сентябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында туулган. Бүгүн мурдагы мамлекет башчы 64 жашка чыкты.

https://www.facebook.com/100040683124092/videos/pcb.364324804933621/364323588267076/

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: