Menu

УКМК ККК: КР Жогорку сотунун жана Бишкек шаардык сотунун судьяларына карата кылмыш-иши козголду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын УКМК ККК тарабынан КР сот органдарынын системасынын коррупциялык багыттагы кылмыштарга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, чет элдик инвесторлордун жерин жана кыймылсыз мүлк объектилерин рейдерлик жол менен басып алууга тиешеси бар айрым кылмыштуу топтордун кызыкчылыктарынакарата сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаруулары аныкталган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, айрым кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иштери үчүн, КР сот системасынын кызматкерлери атайлап мыйзамсыз чечимдерди чыгаруу жолу менен мыйзамдуу деп таанылган чет өлкөлүк инвесторлордун ишкерлик иш-
аракеттининобъектерин жана мыйзамыз мүлктү ээлеп алууда тиешеси бар фактылар аныкталды.

2019-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Бишкек шаардык сотунун иштеп жаткан 3 сотуна карата жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун мурунку 1 сотуна КРУКМК Башкы тергөө башкармалыгы иликтөө жүргүзүүгө багытталган,Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319- беренсинин 2-бөлүмү (коррупция) боюнча кылмыш иши козголгон.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын ноябрында кылмыш белгилеринин жогоруда көрсөтүлгөн фактылары боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин эски редакциясында 303-беренеси (коррупция) боюнча Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунун
мурдагы төрагасына карата кылмыш иши козголгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: