Menu

Бишкек шаарында ачылган кыргыз-түрк мамлекеттик ооруканасын эки тарап 3 жыл биргелешип башкарат

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети КР Өкмөтү менен Түркия Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек шаарында мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле кыргыз жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркияда билим алуусу жөнүндө макулдашуу жөнүндө ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул туралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирди.

Макулдашуунун алкагында Бишкек шаарында ачылган кыргыз-түрк достук мамлекеттик ооруканасын эки тарап 3 жыл биргелешип башкарат, бул мөөнөт аяктаган соң оорукананы башкаруу укугу кыргыз тарапка биротоло өткөрүлүп берилет. Өткөрүлүп берилгенден кийинки 3 жылда Түркия Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан мониторинг жана координациялоо жасалып турмакчы. Анда медициналык жардам сурап кайрылган адамдарга кызмат көрсөтө турган 72 жатак орун бар.

Мындан тышкары, макулдашууда мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын башкаруудагы жана каржылоодогу жаңы принциптер менен программаларды өткөрүп берүү, жыл сайын 20 кыргыз дарыгерди Түркияда окутуу мүмкүнчүлүгү каралат. Алар ченөө, тандоо, жайгаштыруу борбору тарабынан бөлүштүрүлөт. Ал эми бөлүштүрүлө турган стипендиант-студенттеринин саны эки тараптын ортосунда сүйлөшүлгөн келишимдердин негизинде аныкталат.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: