Орус тилдүү гезиттер бизди «Абсурдстан» деп жазгаңдарына макул болбой, күйбөгөн жерим күл болчу эле. Эми толук макул боло баштадым. Өмүрүндө бир да жолу мотоциклди айдамак тургай отурбаган, жанында эки литр спирт жүргөн, көбүнүн жашы 50дөн ашып калган ветврачтарга мотоцикл алып бергендерге бир четинен күлкүм келсе, бир четинен аябай жиним келди. Өзүңөр билгендей, биздин өлкөдө ветврач деген адистер ансыз деле аз санда. Орустар айтчу эле «жаман көргөн кошунабыз мотоцикл алса экен. Гроб на колесах. Батыраак өлсө экен» дешип. Эми кудай сактасын, биздин ветврачтар орустар эмес да. Ошентсе да, мотоциклдин ордуна ошол эле баага бир кунан, бир байтал алып берсе сонун болбойт беле. Кунанын минип, барчу жерине барып, малчыларды кыдырат. Байталды болсо малынын санын көбөйтүп, кийинки жылы кулундуу болуп дегендей. Ушул жагдайда кийинки эки жылда эмне болот? Мотоцикл сынат же дөңгөлөгү жарылат (эгер аман болсо), жүрбөй калат. Ал эми кунаны болсо бышты, бир асый, толук кандуу ат. Ал эми байталы эки жолу тукумдап, башы үчөө бээ болот. Ушу жагын мамлекет ойлоштурса болмок.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ