Menu

“Өзбекстан” мейманканасы Израиль желеги боюнча түшүндүрмө берди

Бөлүшүү:

Ташкентте жайгашкан “Өзбекстан” мейманканасындагы Израиль желегинин сүрөтү менен видеосу соцтармактарда кызуу талкуу жаратууда.

Бир ай мурда жарыяланган сүрөт менен видео израиль-палестин жаңжалы курчуган маалда гана коомчулуктун көңүлүн бурууда.

– 14-апрелде Израилдин көз карандысыздыгынын 73 жылдыгына карата “Өзбекстан” мейманканасынын фасады Израилдин улуттук желегинин түсүндө боелгон. Бирок бул Жакынкы Чыгыштагы азыркы кырдаалга эч кандай тиешеси жок, деп билдирди мейманкананын өкүлдөрү.

Алардын айтымында, бул боюнча Израилдин Өзбекстандагы элчилиги менен келишим түзүлгөн.

“Биз Өзбекстан дипломатиялык мамиле түзгөн өлкөлөрдүн тууларын жайгаштырып турабыз. Бул мыйзам алкагында”, – деди ал.

Аймакта абал курчуп кеткенден бери палестин тараптан кеминде 174 адам өлдү, анын 49у бала жана 22си аял. Израилде аткылоодон он киши, анын ичинде эки бала мерт кеткени расмий кабарланды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: