Menu

Ооганстандык маңзат соодагерлери тарабынан уурдалган тажик чабаны куткарылды

Бөлүшүү:

Быйыл жыл башында ооганстандык маңзат соодагерлери тарабынан уурдалган тажикстандык чабан Турахон Нурматов куткарылды. Бул тууралуу «Эркин Европа» радиосунун тажик кызматы өз булактарына таянып жазды.

Азырынча чабанды куткаруу боюнча тажик коопсуздук күчтөрүнүн атайын операциясы кайсы өлкөнүн аймагында өткөнү белгисиз. Январда Турахон телефон аркылуу туугандары менен байланышып, Ооганстандын аймагында экенин айткан.

Булактын маалыматына караганда, учурда чабан Душанбеге жеткирилип, аны менен коопсуздук органдарынын өкүлдөрү сүйлөшүп жатышат.

42 жаштагы Турахон Нурматов 2015-жылы маңзат аткезчилиги үчүн 17 жылга соттолгон жергиликтүү тургун Саймуддин Курбоновдун үйүндө чабан болуп иштеп жүргөн.

Анын агасы Абдугаффор Курбоновдун айтымында, ооганчылар ага телефон чалып, иниси аларга 40 миң доллар карыз экенин айтышкан. «Алар мага бир нече жолу телефон чалып, инимди акча алганда гана бошото тургандыктарын айтышкан»,- деди Курбонов.

Буга чейин тажик-ооган чек арасында ооганстандык маңзат аткезчилери карыз болуп калган адамдарды өлтүрүп, же алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, жумушчуларын уурдап кетип, акча талап кылган учурлар катталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: