Menu

“Ала-Арча” жаратылыш паркына бюджеттин эсебинен 400 бөтөлкө арак, 800 бөтөлкө пиво сатып алышат экен

Бөлүшүү:

Кыргызстандын президентинин Иш башкармалыгына караштуу “Ала-Арча” жаратылыш паркына  арак, пиво, тамеки, эт, май, жашылча, сок жана шоколад сатып алына тургандыгын мамлекеттик сатып алуулар боюнча портал жарыялады.

Анын ичинен эт жана эт деликатестерине 395 миң сом, суу майга 91 миң сом, жашылчага 75,7 миң сом акча бөлүнгөн.

Арак-шарапка 236 миң сом каралган,  ага 400 бөтөлкө арак, 800 бөтөлкө пиво сатып алынат. Андан сырткары суусундуктар, жемиш маңыздары, шоколад жана тамеки алуу каржыланган.

“Ала-Арча” жаратылыш паркынан сырткары “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясы жана Чолпон-Атадагы мамлекеттик экинчи резиденцияга арак-шарапка эбегейсиз акчалар бөлүнөт.

Мурунку президенттер арак менен “достошкон” президенттер эле, ошондуктан мындай чыгымдар кандай сапырылганы түшүнүктүү. Ал эми азыркы президент жана анын жакындары аракты оозуна албайт деп угабыз. Ошондо алыстан келген меймандарды шылтоолоп орто звенодогу чиновниктер арак менен шарапты оңго-солго агызып, мамлекеттик бюджетти ысырап кылып жаткан жокпу?

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: