Menu

Сагынбек Абдракманов: “Атамбаев СДПК партиясын кыргыздын паспортунан кыргыз улутун алдырган, кыргыздын калпагын итке кийгизген Ирина Карамушкинага өткөрүп береби?”

Бөлүшүү:

“Алмаз Атамбаев 22-февралда маалымат жыйын өткөрөрдөн бир жума мурун жарыя кылды, бирок, экс-президент Атамбаевге, анын “Форум” имаратына эч ким келбеди. Аксакалдарды Атамбаев бир кезде “акшакалдар” деп айткан, мына ошол аксакалдарыбыз келбей койду. Батасын бербей коюшту”, – деп билдирди бүгүн, 27-февралда “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын лидери Сагын Абдрахманов.

“Атамбаев жетим козудай болуп калыптыр, жетим козудай болуп шөлбүрөп, бүтүп калыптыр “Мен дейт, партияны өткөрүп берем” дейт. Уят! Ал партияны өткөрүп бербейт. Партияны биз съездде гана алабыз. Ал күнү Алмаз Атамбаевдин жанында кимдер жүрдү? 2008-2009-жылдары Жаныш Бакиевдин тапшырмасы менен КСДПнын партбилеттерин өрттөп, маалымат жыйын өткөргөн Нурлан Сулайманов жанында жүрөт. Эмне Атамбаев КСДПны ошол Нурлан Сулаймановго өткөрүп береби? Же кыргыздын паспортунан кыргыздын улутун алдырган Ирина Карамушкинага өткөрүп береби? Кыргыздын калпагын итке кийгизген Ирина Карамушкинага өткөрүп береби? Биз буга жол бербейбиз! Атамбаевдин партияны өткөрүп бергенге укугу жок. Ал өзү легитимсиз шайланган. Партиянын мүчөлөрүнүн бештен бири колдосо съезд чакырууга болот,  КСДПнын 40 миң мүчөсү бар деп жатышат, демек биз 8 миң кол топтоп съездди өткөрөбүз”, – деди Сагынбек Абдракманов.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: