Menu

Нодирбек Каримов, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “КСДП съездге чакырса барабыз, чакырбаса жок”

Бөлүшүү:

Социал-демократтар партиясы менен Жогорку Кеңештеги фракциясынын ортосунда ажырым пайда болгондон бери ортодогу айрым депутаттарга кыйын болду. Атамбаевге ыктайын десе бийлик тараптан кысымга кабылат, Жээнбековчуларга оосо Атамбаев тарап «мени сатып кетти» деген атка калат. Анүстүнө Атамбаев 2020-жылкы шайлоого «өзүм түптөгөн партиямдын тизмесин баштап барам» деп жар салды. Эл арасында кеп-сөз жүрүүдө, «Атамбаевдин акчасы көп экен, эмитен миллиондорду таратып жатыптыр, сөзсүз шайлоодо утуп чыгат» деген сындуу. Атамбаев партиясын иргеп, саткындардан тазалап, саясый майданга бет алды. Жакында маалымат жыйын куруп, келечек пландарын жарыялады. 6-апрелде партиянын съездин өткөрүп, анда чоң маселелер караларын кыйытышты. Бирок кызыгы, айрым КСДПчылар ал съездден кабарсыз экен, чакырылышпаптыр. Бул багытта, дегеле КСДП фракциясы менен партиясынын бир пикирге келе албаган себептери туурасында КСДПчы депутат Нодирбек Каримовду кепке тарттык.

– Нодирбек мырза, жакында боло турган КСДП съездине катышасызбы?

– Съезд 6-апрелде өтө турганын укканыбыз менен, азырынча эч кимибизди чакырган жок. Съездде кандай маселелер караларын да билбейбиз, кабарыбыз жок. Ошол мезгил келсин. Чакырса барабыз, чакырбаса жок.

– Кесиптештериңиз Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова маалымат жыйын куруп, «КСДПнын мүчөлөрүнүн үчөөбүздөн башкасы Атамбаевди сатып кетишти, анын жанында үчөөбүз эле калдык» дегендей таризде билдирүү жасашты. Сиз өзүңүздү «партия төрагасын сатып кеттим» деп эсептейсизби?

– Андай деп эсептебейм. Бирок, партиянын саясый кеңешинин иштери туура эмес болуп жатат. Кандай гана маселе болбосун, чечим чыгарарда саясый кеңеш Партиялаштары менен кеңешип, ортого салып, макулдашып, анан жыйынтыкка келиш керек го. А бизде андай жок. Биз, КСДПчылар бул жакта калабыз, 3-4 киши башын бириктирип, чечип коюп жатышат. Партия топ-топ болуп бөлүнүп кетти. Бирөө башка маселени, экинчиси башкасын чечип жатышат. Ортодогу ажырым, пикир келишпестиктер ошондон улам чыгып жатат да.

– Атамбаев тараптагылардын «фракциянын ичиндегилер бийликке кошулуп алып, партиянын ишине көө түшүрүп жатат» деген таарынычтары да бар экен. Бул айтылгандар канчалык негиздүү?

– Буга да кошула албайм. Ар бир депутатка сый-урмат мамиле болуш керек. Ар бирибиз партия мүчөсүбүз. «Көө түшүрдү» деп ылгап-тандап мамиле жасоонун арты эмнеге алып келгенин көрүп жатабыз. Баарын ынтымакка чакырып, бириктирүү, пикирлерин сыйлап, угуу – партия башында тургандардын милдети эле.

– КСДПнын маалымат жыйын өткөрөрүн фракциядагы бир топ депутаттар укпай, билбей калышыптыр…

– Пресс-конференцияны мен интернеттен көрдүм. Партиянын мындан аркы келечеги кандай боло турганын сүйлөп жатышкан. Атамбаевдин «партияны башкага өткөрүп берем» дегенин да көрдүм. Эми ага Карамушкина, Кодуранова жана «Форумда» отургандар атайын даярданыштгы да. Эки жээкке бөлүнүп жатсак да, баары жакшы болоруна ишенгим келет. Депутаттар эле эмес, КСДПнын жер-жерлердеги мүчөлөрү партияда ынтымак болушун каалап жатышат.

– «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын колдойсузбу?

– Өзүнчө эле ушундай кыймыл иштеп жатат. Артында ким турарынан да кабарым жок менин. «Колдойм» же, «колдобойм» деп да айта албайм. «Партия ынтымакта болсо» дегеним да ошо. Чогулуп, ушундай маселелерди чечсек жакшы болмок.

– Партия менен фракциянын бир пикирге келе албай жатышына эмне себеп болушу мүмкүн?

– Партиянын саясый кеңеши фракциядагы депутаттар Иса Өмүркуловду, Кожобек Рысбаевди партиядан чыгарып салышты. Бул иш көпчүлүккө түшүнүксүз болуп калды. Алдан бери абал тынч, бүгүнкү күндө фракция биримдигин сактап эле иштеп турат.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: