Menu

Алмаз Тажыбай, Билим берүү жана илим министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү: “Биздеги мектептерде түрдүү зомбулуктар болуп жатканы өкүндүрөт”

Бөлүшүү:

Ансыз да наристелерге зордук-зомбулук күч алып турган маалда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин аймагында жайгашкан мектепте педофилдик боюнча катталган окуя көпчүлүктүн төбө чачын тик тургузду. Ата-энелерге чочулоо жаратты.

– Алмаз мырза, түрк окуу жайында болгон окуя коңгуроо сыяктуу болду. Өлкөбүздө жүздөгөн мектептерде кандай мугалимдер сабак өтүп жатат? Чочулоолор пайда болду…

– Бул окуя азырынча далилдене элек. Ал далилденип бүтсө, анан тергөөчүлөр тергеп, соттун чечими чыкмайынча, ал мугалимди күнөөлүү катары айта албайбыз. Эгер ал чындык болсо, өтө эле өкүнүчтүү. Бизде мыйзам боюнча биздин мамлекетке караштуубу, же башка мамлекетке караштуубу, жеке менчик болобу, биздин мыйзамдарга, билим жана илим министрлигине баш ийиши керек. Баардык жерде бир эле стандарт – зомбулук, педофилдикке окшогон көрүнүштөр болбошу шарт. Мындай фактыларга жакындашуулар болсо, ата-энелер болобу, окуучулар өздөрү болобу, байкаш керек. Бизде өкүнүчтүүсү, түрдүү зомбулуктар болуп калып жатат. Айрыкча региондордо мугалимдер окуучуну башка чаап, сөгүп, мас болуп келип, өздөрүн башкача алып жүргөн фактылар бар. Мындай иштерде көпчүлүк убакта ата-энелердин ролу чоң. Көпчүлүк учурда ата-энелер өздөрү кылмыштан куткарып алышат. Азыр коомдо кайсы чөйрөдө болбосун, ал гана эмес ата-энелер өз балдарына ыдык көрсөткөн фактылар жок эмес. Айрыкча аялуу катмарларга, ата-энеси мигрант болуп алыска кеткен наристелерге да зомбулук күч алды. Коом, ата-энелер алдын ала баарын байкап, кийинки муунга жакшы үлгү көрсөтүү бүгүнкү күнгө аба менен суудай зарыл иш.

Гүлжан Төрөбаева

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: