Menu

ИИМ: Жаңы кодекстер менен мыйзамдар жана “Коопсуз шаар” долбоору ишке киришти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 1-мартта “Кабар” маалыматтык агенттигинде Кыргыз  Республикасынын  ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Курсан Асанов тарабынан журналисттерге маалымат жыйын өткөрүлдү. Министрдин орун басары соттук-реформанын алкагында ИИМде жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп төмөнкүлөрдү баяндап өттү.

ИИМде  Бүгүнкү күндө ИИМ тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 22-майындагы ПЖ № 124 “Жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында кабыл алынган айрым чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу боюнча чоң иштер аткарылып жатканын белгилеп кетким келет. Белгилүү болгондой бул реформанын максаты катарында иштеп жаткан мыйзамдарды гумандаштыруу, адам укугун коргоо, ошондой эле сотко чейинки өндүрүштүн ачык, айкын болуусуна жетишүү, кызмат адамдарынын кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн минимумга жеткирүү эсептелет.

2019-жылдын 1-январынан тартып жаңы кодекстердин күчүнө кирип, бүгүнкү күндө толук кандуу иштеп жатат. Бирок укук колдонуу практикасында кыйынчылыктар, ошону менен катар бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу болгон мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын чектөө, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси менен Бузуулар жөнүндө кодексинин өтмө жоболорун аныктоо, бузуу үчүн айып төлөнбөгөндүгү үчүн туумду өндүрүүнүн жана өлчөмүнүн механизмин аныктоо, Жол кыймылынын эрежелерин бузуу үчүн айыптын өлчөмүн аныктоо бөлүгүндөгү кыйынчылыктар пайда болду.

Буга байланыштуу, белгилүү болгондой, жогоруда көрсөтүлгөн кенемтелерди жана укук колдонуу практикасындагы карама-каршылыктарды жоюуда, аларды шайкеш келтирүү максатында ИИМ тез арада эки Мыйзамдын долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кенештен кабыл алынып, Президентибиз 2019-жылдын февраль айында кол койду – бул “КР нын Бузулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамы жана КРнын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз  Республикасандагы жол кыймылы жөнүндө” Мыйзамына, КРнын Бузуулар жөнүндө  кодексине) КРнын Мыйзамы.

Бул Мыйзамдарда төмөнкү кемчиликтер жолго коюлду:

– Коопсуздук курун шаар ичинде жана шаар аймагынан сырткары жерде тагынбагандарга бирдей айып пул каралат;

– Алкоголдук мас абалында унаа башкарган айдоочулардын жоопкерчилигин караган айып пул бирдей тартипке келтирилди. Анткени айдоочу мас абалын күбөлөндүрүүдөн баш тарткан учурда 5500 сом, ал эми күбөлөндүрүүдөн өтсө 17500 сом каралчу. Азыр бардык учурда 17500 сом айып пул салынат.

– Жеке жактарга жана юридикалык жактарга бирдей айып пул салуу киргизилди;

– Эгерде салынган айып пулду 15 күндүн ичинде төлөсө, анда анын 50%ы гана төлөнөт.

Мындан тышкары КР  “КР укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Мыйзамынын долбоору иштелип чыгып КР Жогорку Кеңештин биринчи окуусунан өткөн;

– КР “Ички иштер органдары жөнүндө” Мыйзамды жаңы Кодекстерге ылайык келтирүү максатында мыйзам долбоор иштелип чыкты. Бул Мыйзам долбоор 2019-жылдын 28-февралында Жогорку Кеңештин экинчи окуусунан өттү.

– «Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду  киргизуу жонундо мыйзам долбору иштелип чыгып, Жогорку Кенештин 2019-жылдын 20-февралында Жогорку Кеңештин биринчи окуусунан өттү.

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдагы Жарлыгынын негизинде Ички аскерлерди ИИМге өткөрүп берүү максатында “Ички аскерлери жөнүндө” Мыйзам долбоору иштелип чыкты.  Азыркы учурда бул Мыйзам долбоор КР Өкмөтү тарабынан Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилди. Себеби Ички аскерлердин ИИМге өткөрүлүп берилишинин негизги максаты төмөнкүлөр

– коомдук тартипти сактоо;

– жарандардын коопсуздугун жана укуктарын камсыздоо;

– өзгөчө объектилерди кайтаруу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: