Menu

Видео – Кубанычбек Кадыров: “Бизди биринчи кармашканда, тергөөнүн башчысы “сиздер Атамбаевден кечирим сурсаңыздар эле, бүгүн үйгө коюп жиберебиз” деген

Бөлүшүү:

“Бизге каршы эч кандай далили жок болгон, жанагы биздин үн деп элге угузулган үн да биздики эмес болчу, бизди соттоп жатканда Жалал-Абаддан Медер Үсөнов деген күбө келип, “бул Бектур Асановдун үнү деп угузулуп жаткан үн Асановдуку эмес, менин үнүм” деп көрсөтмө берип кетти. Ошого карабай, бизди эч далили жок соттошту”, – деп билдирди Атамбаевдик режимдин саясый туткуну Бектур Асанов кечээ, 1-мартта өткөн маалымат жыйынында.

“Биз эми сотко беребиз, сот бизди актайт, анткени бизге каршы эчтеке жок, эч далил жок. Ошондуктан бизди элге көрсөтпөй жабык сотто соттошту. Андан ары биз ООНдун Адам укуктары боюнча комитетине  кайрылабыз. Ал жерде биздин чечимди кабыл алса анда жаңы ачылган жагдай болуп, ишти кайра кароого негиз түзүлөт”, – деди Бектур Асанов.

“Бизди биринчи кармап келишкенде, тергөөнүн башчысы Сексенбаев Максат  “Сиздер Атамбаевден кечирим сурсаңыздар эле, бүгүн үйгө коюп жиберебиз” деди. Бул биринчи факт. Экинчи фактысы – шаардык сот “Силердин ишиңерди Атамбаевден кечирим сураганга чейин жеткиребиз, ошондон кийин чыгарабыз. Биз билебиз, силерде күнөө жок. Баары мыйзамсыз болуп жатат. Бизди туура түшүнгүлө” деп айтты. Үчүнчүсү, бизди шаардык сот соттоп жатканда биздин адвокат Азимбек Бекназаров болчу. Аны да чакырып айтыптыр, “Атамбаевден кечирим сурашса, бүгүн эле соттон бошотобуз”  деп. Азимбек Бекназаровдон сурасаңыздар, ал киши бул фактыны силерге да тактап берет”, – деп кошумчалады дагы бир саясый туткун Кубанычбек Кадыров.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: