Menu

Мелис Турганбаев: Маселени эркекче чечем, бирөөнү сатуу, же жалган айтуу мага жат көрүнүш…

Бөлүшүү:

Македониянын Скопье шаарында эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпионаты аяктады. Кыргыз жергесинен Кубан Эркинбеков (70 кг.), Талант Бегалиев (60 кг.), Чынарбек Изабеков (100 кг.) жана мурунку ички иштер министри Мелис Турганбаев (78 кг.) барышкан. Бул боюнча Мелис Токтомамбетовичке 3-4 суроо менен кайрылдык. Орто жерден саясат темасы да козголуп кетти.

– Мелис мырза, жакында эле ардагерлер арасында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатына катышып келдиң. Ушу тууралуу кененирээк айтып бербейсиңби?

– Кенен айтканда сөздү мындан баштайлы. Кыргыз Республикасынын намысын коргогону төрт ардагер аттанганбыз: Кубан Эркинбеков, Талант Бегалиев, Чынарбек Изабеков жана мен. Бул мелдеш салтка айланып калган мелдештердин бири. Быйыл Македония өлкөсүндө өттү. Кубан 5-орунду, Талант (Канат Бегалиевдин агасы) сегиздик финалда утулуп, экөө байгесиз кайтышты. Эми алар бизден жашыраак балбандар, келечекте байгелүү орундарга жетишет деген үмүт чоң. Чынарбек экөөбүз бу жолу татыктуу 3-орунду камсыз кылуу менен коло медалды багынттык.

– Канча балбан менен күрөштүң?

– «Чү» дегенде эле орустун Владислав Егоров аттуу балбанын уттум.

– Далысын жер жыттатып, таза жеңишке жетиштиң окшойт…

– Ооба, ошондой болду. Анткен менен оңой эле жеңилип бере калган жок. Упай менен алдыда болчу. Белден өйдөрөөк жерден тарта кармап, бутун торой чалган маалда экөөбүз килемге кырыбыздан түштүк. Бирок, ала салдырып, далысын жерге даана тийгизе утуп алдым. Ал эми финалга чыга турган жерден бир ката кетирип, упай менен француз балбанга жеңишти алдырып ийдим.

-Жерар Рокко Санторону айтып атасың да ээ?

– Ии, ал атаандашты жакшы тааныйм. СССР тушунда, жаш кезде далай жолу килемден жолукканбыз.

-Утса болот беле?

– Менде бир аз жаракат бар болчу. Ошол тоскоол болуп койду. Утуп эле жүргөм. Бул барганда сөзсүз чемпион болом дегем. Ну ничего, Кудай буюрса эмдиги жылы. Ошон үчүн да маанайым жок болуп атат.

– 3-орун үчүн болгон мелдеште украиналык Сослан Адырхаевди кантип уттуң?

– Сослан дос да оңой жеңилип бербей, бир топко жулкулдаштык. Бир маалда эки буттан алып, килемге так көтөрүп чаптым.

– Ардагерлер арасындагы мелдешке үчүнчү жолу бардың да?

– 2016-жылы коло медалга, былтыр болсо бир балбанды утуп, экинчисинде белден жаракат алып калып, мелдешти токтотуп койгом.

– Эмдиги жылы да барсаң керек, кайсы мамлекетте өтөрү бышыкталдыбы?

– Азырынча Грузия мамлекети деп сөз жүрүп атат. Биз дагы өткөрсөкпү деген ниет бар. Эки жыл катары менен ФИЛАга арызыбызды бергенбиз. Эмдиги жылы болбосо да кийинки 2020-жылга болгон аракетибизди кылабыз.

– Мелдеште сенден улуу балбандар да бар бекен?

– Билинбеген менен мен деле алтымышты таяп калыпмын. Ал жакка барган кыргыз балбандардын эң улуусу, сакалдуусу болгонума бир чети сыймыктандым.

– Учурда эмне иш менен алексиң?

– Азыр бош эле, эс алып атам. Бир аз жаракаттар бар, ошолорду дарылатып дегендей.

– Саясатка аралашайын деген оюң барбы?

– Мен эми жен эле жанталаша бергендерден эмесмин. Эгер чакырып, «бул кызматта иштеп бериңиз» десе бир жөн.

– Президенттик шайлоодо жан үрөп кызмат кылгандай болдуң эле…

– Ат-Башы, Нарынды айтып атасыз да. Таласта да досторум катуу иштеп беришти. Жардам бердик. Ал жагы норма. Мени жакшы билесиз, бийликке барып, «мага кызмат бергиле» дебейм. Иш берсе иштеп берем. Принципти катуу карманган адаммын. Маселенин баарын эркекче чечем, бирөөнү сатып, алдап, жалган айтуу мага жат көрүнүш…

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: