Menu

Баатыр болгондор кечээ кайда жүрдүңөр эле?

Бөлүшүү:

АКШ өлкөсү кайтарып бере турган Максимдин 4,6 млн долларына “Ушул иш боюнча менин тийешем бар болчу” деп бүгүн баатыр болгондор тизгиниңерди тарткыла. Кайтарыла турган акчага бүгүнкү же кечээки бийликтин эч кандай тийешеси жок. Ал акча АКШда тоңдурулган акчалар. “Мен баштаган иштин жыйынтыгы” деген баатырлар эмне үчүн ошол кезде аягына чыга алган эмессиңер? АКШдан ал акчаны кайтарып алууга силердин күчүңөр жетмек эмес. АКШда Максимдин каржы кеңешчиси Евгений Гуревич кармалганда 6 млн долларды сот конфискация кылган. Бул акча Максимдики экени талашсыз. Аны Гуревичке которуп берип, Гуревич аны көбөйтүш үчүн биржада тегеретмек болгон. Бирок, Гуревич инсайдерлик соода кылам деп АКШнын из кубарларына түшүп калат. Өз башын сактап калуу үчүн Максимди сатууга чейин барып, агенттер менен иштешүүгө макул болгон. Ушул боюнча кылмыш иш козголуп, Максимдин Балтика боюндагы өлкөлөрдөгү 70 млн долларга жакын акчасы камакка алынып тоңдуртулат. Бул акчаларды мекенге кайрыл келүү үчүн кыргыз бийлиги кымындай дагы чара көргөн эмес. Бул окуяны АКШдагы ири басылмалар дагы жазышкан. Максим тыйын дегенде жөн эле жатып берчүлөрдөн эмес. Лондондогу эң кыйын адвокаттык фирмаларды жалдап, АКШда козголгон ишти жаптырганга жетишет. Гуревич өзү соттолуп, Максим белгисиз адам делип таанылып, иш жабылат. Гуревичтин эсебинен конфискацияланган  6 млн доллар АКШнын прокуратурасында калат. Камалган Гуревич өзү “Менден конфискацияланган 6 млн доллар Максимдин акчасы болчу, бул кыргыздардын акчасы” деп чыккандан кийин ушул тема козголот. Ал унчукпай жата берсе, биздикилер бул тууралуу ооз ачмак эмес. Андыктан, бүгүн баатыр болгондор окуянын чоо-жайын иликтеп алып, кайдагы акча экенине кызыксаңар.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: