Menu

ИИМ: “Кыргызстандын аялдары – тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн” улуттук форуму өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2019-жылдын 4-март күнү  Бишкекте  “Хаят” отелинда “Кыргызстандын аялдары:  тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн” улуттук форуму болуп  өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Форумдун       уюштуруучулары- Республикалык Аялдар Кеңеши, Коопсуздук, коомдук тартип жана мыйзамдуулук секторундагы кыргыз аялдарынын Ассоциациясы, Аялдар форуму, Солдаттардын энелери республикалык комитети.

Иш-чарага Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин, Коопсуздук кеңешинин, министрликтердин, ведомстволордун, мамлекеттик кызматтардын, жарандык институттардын, эл аралык уюмдардын жетекчилери менен өкүлдөрү, ошондой эле айылдык кеңештердин  депутаттары, биздин өлкөнүн ар кайсы аймактарынын өкүлдөрү дагы катышышты.

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сагынбаев Дамир Казакович чогулгандарга өлкөнүн саясатынын өнүгүшүндө  аялдардын мааниси тууралуу белгилеп,  “Бүгүн биз  улуттук коопсуздукту камсыздоо тутумун аялдарсыз элестете албайбыз. Булар укук коргоо органдары, чек ара кызматы, армия, фискалдык жана көзөмөлдөө органдары, куткаруу кызматы, атайын түзүмдөр.  Жогорудагы жана башка аялдардын кесиптери  бири бири менен орду алмашкыс”-деп Дамир Казакович айтты.

Аялдар – жогорудагы уюмдарга бириккен Форумдун катышуучулары, алдын алуу иштеринин деңгээлин жогорулатууну жана кызматташууну күчөтүү маселелерин талкуулашты.

Форумда төмөнкү маселелер каралды: Бул багытта кызматташууда абийирдүү башкаруунун жана жагымдуу практиканы
өнүктүрүүнүн көйгөйлөрүн талдоо;

Реформалоого катышууну кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө, гендердик теңдикти алдыга жылдырууга, коомдук коопсуздукка карата чакырыктар менен коркутууларды  жөнгө салуучу механизмдерди: үй-бүлөөлүк зомбулуктун көйгөйлөрү, аялдарга жана балдарга каршы зомбулуктар, миграция, зомбулуктуу экстремизм, коррупция, ж.б.;

Жагымдуу практикалар менен бөлүшүү, кийинкиси жайылтуу максатында. Форумдун негизги максаты- 2020-жылдарга чейинки аралыкта Гендердик теңдикке жетүү боюнча Улуттук стратегияны аткарууда, андан сырткары өлкөнүн өкмөтү тарабынан бекитилген БУУнун Коопсуздук кеңешинин №1325 сандуу резалюциясын аткаруу боюнча Улуттук планы менен мамлекетти туруктуу өнүктүрүү, ведомстволор аралык кызматтыштыкты жана коомдук өнөктөштүктү бекемдөө максатында аялдарды бириктирүү жана алар менен кызматташуу диологу үчүн платформаны түзүү- коопсуздук чөйрөсүндөгү
кызматкерлер менен депутаттар аялдар, жергиликтүү коомдордун өкүлдөрү. Иш-чаранын аягында, Форумдун резалюциясын кабыл алышып, ишмердүүлүктүн баардык деңгээлинде аны ишке ашыруу  пландашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: