Menu

ИИМ: Бейбаштыкка жана башка укук бузууларга шектелгендер кармалды

Бөлүшүү:

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери бейбаштыкка жана башка укук бузууларга шектелгендерди кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2018-жылдын сентябрь айынын аягында ички иштер органдарына Баткен облусунун Б.А. аттуу жараны кайрылып, мыйзамга каршы иш-аракеттер менен анын укугун тепселенгендер жөнүндө билдирген. Кечинде телефон аркылуу чалышып, Бишкек шаарындагы “Вефа Центр” соода борборунун жанында чогулууну белгилешип, көрсөткөн дарекке барган кезде үч белгисиз адамдар ур-токмокко алышып, адамдар жок жерге алып барышып, арматура менен сабышкан. Жабырлануучу алардан бошонуп, качып кеткен соң шаардык ооруканага кайрылган жана жаткырылган. Аталган арыз боюнча Биринчимай
РИИБдин кызматкерлеринин болжолдуу иликтөөсүнөн кийин тергөөчүгө жогорудагы мыйзамсыз иш-аракеттерге шектүү катары үч адам жеткирилген. Бирок, жабырлануучу жогорудагы үч адамга карата доосунан баш тартып, тосмо арыз жазып бергенине байланыштуу тергөөчү тарабынан кылмыш иши токтотулган. 2019-жылдын февраль айынын ортосунда (жаңы кодекстер менен мыйзамдардын күчүнө киргенден соң) Б.А. аттуу жаран кайрадан Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматына кайрылып, 2018-жылдын күз мезгилинде болжолдуу иликтөө учурунда аны сабагандар тарабынан кысым көрсөтүлүп, каралып жаткан иштен баш тартуу тууралуу арыз жазууну талап кылышкандыгын билдирген.

Мурда тергөөчү тарабынан козголгон кылмыш ишин токтотуу тууралуу чечими прокуратура тарабынан жокко чыгарылып, кайрадан кароого Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматына жөнөтүлгөн. Ал эми жабырлануучунун арызы Кылмыштардын
жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүндө (Бейбаштык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери
боюнча сотко чейинки иликтөөлөрү башталган.

Сотко чейинки иликтөөлөрдүн жүрүшүндө мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси барлар Баткен облусунун аймагында жүргөндүгү аныкталган. Тергөө тапшырмасынын негизинде жогоруда аталган аймакка ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери жөнөшкөн. 2019-жылдын февраль айынын аягында зарыл болгон ыкчам иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө Баткен облусунун Лейлек районунун аймагынан жогоруда аталган кылмыш ишине шектүүлөрдүн экөөсү кармалып, тергөө
иштерин жүргүзүү үчүн Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматына жеткирилген. Кармалгандардын бирөөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болот. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечими менен кармалган жарандарга карата тергөө аяктаганга чейин үй камагына алуу түрүндөгү бөгөт чарасы каралды. Болжолдуу маалымат боюнча чыр-чатактын келип чыгышына ишкерлик боюнча өнөктөштөрдүн ортосунда пикир келишпестик себеп болгон. Андан сырткары, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан экономика чөйрөсүндө мыйзамсыз иш-аракеттерди иликтөө менен алектеген башка укук коргоо органдары үчүн ыкчам маалыматтарды камтыган Баткен облусунун аймагындагы мыйзамсыз ишкерлик жана аткезчилик фактылары аныкталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: