Кечээ, 3-мартта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун күнүнө карата КРдин Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу «Кыргыз Достук жана Маданият коому» диаспора мүчөлөрү менен бирге 20-30дан турган Кыргыз желегинин коштоосунда автоунаа жүрүшүн өткөрдү.
Автожүрүш Стамбул шаарынын Фатих, Бейоглу, Бешикташ райондору, Босфор көпүрөсү сыяктуу белгилүү аймактарын кыдырып чыкты.
Башкы консул Эркин Сопоков куттуктоо сөз сүйлөп, Кыргыз Республикасынын туусун дайыма коргоого жана сыймык менен бийик желбиреткенге чакырды.
Иш-чарада улуттук тамак-аш уюштурулуп, майрамдык маанай тартууланды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ