Menu

Тажик өкмөтү Интернеттин тарифин 60 пайызга көтөрөт

Бөлүшүү:

Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы Монополияга каршы кызмат Интернетке туташуу акысын 60 пайызга чейин жогорулатууну чечти. Ага ылайык, салыктарды эске албаганда  Интернет трафигинин бир мегабайты 5 дирам, бир гигабайты 50 сомони (5 доллардан ашык) болот.

Учурда Интернеттин бир гигабайты орто эсеп менен 30-35 сомони.

Монополияга каршы кызматтын буйругу 27-марттан тарта күчүнө кирет. Жергиликтүү басылмалар тарифти көтөрүү – Интернеттин ылдамдыгын жогорулатуу аракетине байланыштуу экенин жазышууда.

2018-жылдын жай мезгилинде Тажикстанда Интернеттин таралашы 33,1 пайызды түзгөн. Internet World Stats сайтынын маалыматы боюнча бул аймактагы эң начар көрсөткүч. Ошол эле маалда өлкөдө Интернеттин тарифи дүйнө жүзү боюнча кыйла жогору. Speedtest сервисинин версиясына ылайык, Тажикстан Интернеттин орточо ылдамдыгы боюнча 137-орунда турат.

Эксперттер мамлекет бул тармакты катуу көзөмөлдөп, интернет-провайдерлер үчүн акциз киргизгендиктен, кызмат көрсөтүү акысы жогору деп эсептешет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 70 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: