Menu

Өрүкзарлуу өрөөндө ашыкча ысырапкерчиликти кыскартуу демилгеси кызуу колдоого алынууда

Бөлүшүү:

Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынар Сапарованын жетекчилиги астында облустун аймагындагы аялдар Кеңештеринин төрайымдары жана мүчөлөрүнүн катышуусунда атайын жыйын өткөрүлдү.
Бул жыйында Баткен облустук Аксакалдар Кеңешинин төрагасы Туйгун Жолдошев, облустун казысы Пазыл ажы Султанмуртов, Эмгек сиңирген мугалим Гапыр Мадеминовдор сүйлөшүп, каада-салттагы ашыкча ысырапкерчиликти кыскартууда аялдардын орду абдан чоң экендигин баса белгилешип, ашыкча чыгымдарды кантип кыскартуу боюнча дагы бир топ сын-сунуштарын айтышты.

Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынар Саттарова өз сөзүндө аялдар Кеңештерин облустун аймагында бул демилгени жүзөгө ашырууга такай көмөктөшүүгө чакырып, каада-салтыбызга таптакыр төп келбеген жорук-жосундарды жоюу боюнча түшүндүрүү жараянын мындан дагы күчөтүү зарылдыгын кыйытты.

Ал эми жыйындын катышуучулары Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн каада-салттагы ашыкча ысырапкерчиликти кыскартуу боюнча демилгесин кош колдоп кубатташаарын, ошондой эле жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө түздөн-түз көмөктөшөөрүн дагы ачык билдиришти. Антишпесе, каран калгыр атаандаштык, куру намыс, той-аштарды байма-бай өткөрүү менен элибиз орду толгус чыгымдарга учурап, кедейликтин сазына биро-толо батып бараткандыгы дагы баса айтылды.

Айтмакчы, Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Баткен облусунун коомчулугу, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалпы кыргызстандыктарга, каада-салттагы ашыкча чыгымдарды кыскартуу боюнча дагы буга дейре атайын Кайрылуу дагы жолдошкон.

Алишер Токсонбаев

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − 26 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: