– Умбеталы мырза, жыйында Аксы акими алиге чейин дайындалбай жатканын айттыңыз. Аны дайындоонун кечигип жаткан башка себептери барбы?
– Өкмөт эки жумадан бери Аксынын акимин койбой жатат. Мындай маселелер бир сутканын ичинде чечилиш керек эле. Мен өкмөткө жол-жоболорун, эң жакшы критерийлерин айттым. Райондо айыл өкмөттөр бар. «Көрсөткүчтөрүн карагыла, 4-5 жылда кандай социалдык маселелерди чечишти, канча инвестиция тартышты, канча жумуш орун түзүлдү, ошолорду эске алып, тезирээк тандагыла» дедим. Азыр акимдикке 5-6 талапкер бар. Эмки жумада аким дайындалып каларына ишенем.
– Мамипотека компаниясынын ишине нааразы болуп жатасыз. Сизди ынандырбаган жагдайлар кайсылар?
– Кыргызстанда 6 миллионго жакын калк бар болсо, анын 1 миллиондон ашыгы турак жайга муктаж. А биздин мамлекет калкын турак жай менен камсыз кылууга 500 млн. сом эле бөлүп жатат. Ал акча эмнеге жетет? Төрт жылда 4 млрд. сом бериптир болгону. Бул турак жайга муктаж калктын эки гана пайызын камсыздаганга жетет. Революциялардын, коомдогу туруксуздуктун катализатору турак жай болуп жатса, мамлекет элине шарт түзүп бербей жатат го? Ипотека компаниясынын ишин сындаганым ушул, а өздөрү олчойгон маянада отурушат.
– Өкмөт жазгы талаа иштерине толук кандуу даяр экенин айтты. Былтыркыдай айыл чарба жаатында көйгөйлөр жаралып калбаш үчүн өкмөт кандай иштеши керек, эмнеге көңүл буруусу зарыл?
– Жазгы талаа иштеринде сугат суу маселеси негизги ролду ойнойт. Биздин өкмөт ушул жагынан аксайт, сугат суу маселесин чече албай келет. Ал чечилсе, тышкы-ички миграцияны да токтотобуз, жумуш орундарын түзүп, региондорду өнүктүргөн болобуз. Кыргызстанда дыйканчылыкка сонун шарттар бар, аны колдоно, пайдалана албаганыбыз – өкмөттүн иш билбестиги деп билем.
Динар Турдугулова
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ