Menu

Видео – Депутат Алтынбек Сулайманов: «Азыркы учурда чөөлөр айылга, алтургай, Мамлекеттик резиденциянын өзүнө чейин түшүп келип, ээн-эркин аралап жүрөт»

Бөлүшүү:

Ар атылган карышкыргы 6 миӊ сом, чөөгө 2 миӊ сом төлөнөт экен. Мамлекеттик органдар аӊчылардан ар кандай болбогон кагаздарды талап кылып жатып, чөөлөр таптакыр унутта калды. Азыркы учурда алардын саны дагы көбөйдү, алардын адамдар менен малга тиш салуусу да күчөдү. Чөөлөр айылга, алтургай, Мамлекеттик резиденциянын өзүнө чейин түшүп келип, ээн-эркин аралап жүрөт. Алардын улуганын өкмөт башчысы деле угуп жатса керек. Бул тууралуу депутат Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.

«Аргандай бюрократиялык ашыкча тоскоолдуктардан улам, чөө аткан аӊчылар акчасын алалбай жүрөт, кызыкдар деле болбой калышыптыр. Аӊчылардын айтымында, азыр чөөлөрдүн саны 25 пайызга көбөйдү. Өткөн жылы 50 млн сомдук чыгым келтирди, ал эми Өкмөт аларды атууга 6 млн сом бөлгөн. Чөө өтө амалкөй жырткыч, аны атуу кыйын. Ошондуктан, тоскоолдуктарды жоюп, атууга бөлүнгөн каражатты көбөйтүп, атылган чөөнүн баасын карышкырга теӊөө керек», – деди депутат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: