Жогорку Кеңештин эркин депутаты, мурдагы журналист Жанар Акаев КТРКнын жетекчилигине эки негизги фаворит болуп келгендердин бири Ибраим Нуракун уулунун бир да добуш ала албай калгандыгы күтүүсүз болгонун маалымдады: “Мен өзүм деле Жайнак Үсөн уулу менен Ибраим Нуракун уулунун бирөө тандалат деп күтүп жаткам. Жайнак Үсөн уулун чабал менеджер деп айта албайм. Ал менеджер катары телеканалды каржылык жактан ирдентип, жаңы долбоорлорду алып келет деп ишенем. Жетекчи катары менеджментти дагы жакшыртышы мүмкүн, бирок КТРКнын табиятын өзгөртүп, калыс телеканал кылуу үчүн саясый эрк керек. Ошон үчүн мен жетекчи алмашканы менен КТРКнын бийликчил саясаты өзгөрөт дегенден күмөнүм бар».
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ