Menu

Марат Султанов эле тынч экен

Бөлүшүү:

Экстердин жетимиштен ашып, сексенге таяп калгандары деле ажого көрүнүп калуунун “нотасын” обонго салуунун аракетинде жүрүп калганы бизди түйшөлтүүдө. Бирок, алар басаңдап калгандын ордуна кулагын акыркы жаңылыктарга тосуп, кантип ак үйдүн билермандарына үнүмдү угузам деген кыялы менен алек. Көрсө тирүүчүлүк дегендин кубанычынан санаасы көп экен. Илгери бир министрге кызмат кандай экен деп сурашса:- Э-ээ анын кайсы бирин айтайын, кичине баш көтөрүп калгандар эле кабинетиме кирип саламын берген соң уулуна, же күйөө баласына, келинине кызмат сураганда не дээримди билбей дендароо болуп калчумун дептир. Анын сыңарындай азыр деле аксакалдар бетин табактай кылып ошол адатын карматып жатышканы ырас. Антсе да убагында ЖКнын спикерлигин басып жыгылган Марат Султановдун акыркы мезгилде дабышы угулбайт. Биротоло кызматка тойуп бүткөнбү, же кырдаалдын келишин күтүп жатабы, айтор башкаларга окшоп жулунбай эле тынч отурат. Анын үстүнө сагызгандай сак киши учурдагы бийликке ичи чыкпай масилеттешкиси келбей жатабы деген пикир жаралат. Баары бир ал ийинден чыгар күн келет дегендер да жок эмес. Эмнеси болсо да Макеңдин “бышырган жаркөбүн” даамдап көргүсү келгендер бар экени айныксыз. Султанов буга не дейсиз?

Булак:  «Ачык сөз»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: