Өлкөнүн экономикасы сызга отуруп калды. Өсүш жок. Инвестиция нөл. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Түркия менен Кытайды өнүгүү темпи боюнча артка таштаганыбызды жар салды. Ыйлаарыбызды же күлөөрүбүздү билбейбиз дегендей кеп. Албетте, калпка эл ишенбейт. Ушуну чоңдор түшүнбөй коюшту. Кызыгы, элге өсүш болду деп айкырык салган өкмөт башчысы, жең ичинен Экономика министри Олег Панкратовду иштей албай койду деген таризде кызматынан шыпырганы турат. Айтор, парадокс.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ