Menu

Жыл сайын той-аштарга 140 млрд сом жумшалат

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Баткен облусунда 2018-жылы 1 млрддан ашык сом жамандык-жакшылыктарга коротулган. Муну жергиликтүү эсепчилер эсептеп чыгышты. Кыргызстандын башка облустарында той-мааракелерди өткөрүүдө мындан да көп каражат кетет. Ошондуктан Баткендеги Кадамжай районунун Ак-Турпак эли тойлорду үнөмдүү өткөрүү боюнча жаңы эрежелерди иштеп чыгышты. Эми алдыда бүт аймакка жайылтсак деп турушат.

Кыргызстанда мындан 10 жыл башта, тактап айтканда, 2008-жылы той-аштарга 40 млрд сомдон ашык каражат жумшалган. Ал эми былтырлары болжолдуу түрдө 140 млрд сомго жакын сарпталганы айтылган. Өкмөт ыксыз чыгымдарга бөгөт коюу маселеси боюнча бир топ аракет кылып келет. Бирок салт болуп калган деген жүйө менен эл чыгымдарга дагы эле жол беришүүдө.

Экономикалык серепчилердин эсебинде, Кыргызстанда той-ашка 2 млрд доллардан ашык каражат сарпталат. Ашыкча чыгымдарды азайтуу боюнча көп эле демилгелер көтөрүлүп келет. Алсак буга байланыштуу парламентте мыйзам долбоору да каралып, колдоо таппай калган дейт экономист Эрлан Камалов. Кийит кийгизүү салты тууралуу тарыхта так маалымат жок. Бирок көчмөн жашаган кыргыз эли үчүн жакындарынан белекке кийим алуу жагымдуу көрүнүш болгон дейт тарых илимдеринин кандидаты Абдумиталип Мырзакметов. Экинчи жагынан кудалардын ортосундагы сыйдын белгиси катары да берилип келген. Бирок бүгүнкү күндө ал өзгөрүүгө учурап, сарптай берүү өөрчүп кеткен.

Белгилей кетсек, кээ бир айылдарда той-аштарда ыксыз чыгымдарга чектөөлөр киргизилген. Анткен менен ашыкча чыгымдар дагы деле кыскарылбай келет.

Элибиздин алга, цивилиацияга умтулбц, артка кетип жатышы бир кезде кризиске белчесинен батып, экономикалык гана эмес, моралдык жактан деградация болгон эки кылым мурдагы орус коомундагы “Пир во время чумы” деген абалын элестетип жаткан жокпу?

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: