Menu

Видео – Улугбек  Ормонов окуучулардын ысык тамагы боюнча министрге ыңгайсыз суроолорду берип, жарга такады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-октябрда, парламентте депутаттар күн тартибиндеги  “Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” мыйзам долбоорун карап, талкуулашты. Ага Билим  жана илим берүү министри Каныбек Исаков орун басарлары менен катышып, депутаттардын суроосуна жооп берди.

Депутат Улугбек Ормонов министр Каныбек Исаковго “окуучуларды ысык тамак менен камсыз кылуу боюнча мыйзам долбоорун колдойсузбу?”,-деген суроо узатканда ал колдоорун билдирди. У.Ормонов: “демек, сиз жакында эле өзүңүз чыгарган мыйзамга каршы экенсиз да?”,-деген суроону узатты эле, ал: “кайсы, акча чогултпоо боюнчабы?”,-деп кайра ага суроо узатты. Министр ага каршы чыкпаганын, ал эми тамакка кошумча акчаны ата-эне балдары үчүн өзү көтөрүп жатканын айтты.

«Мен деле бул мыйзам долбооруна каршы эмесмин, бирок анын ушул бойдон кабыл алынышына каршымын. Мыйзам долбоорунда ата-энелердин чөнтөгүнө кайрадан кол сала турган жоболор бар, азыр аны мыйзамдаштыргысы келип жатат. Окуучулардын тамактануусуна бөлүнчү 7 сомго кандай ысык тамак келиши мүмкүн? Мүмкүн эмес! Өкмөт ата-энелердин чөнтөгүнө кол салбай, тамак-ашка бөлүнө турган каражаттын өлчөмүн көбөйтүшү керек. Ансыз бул маселенин чечилиши кыйын», – деди ал. Ошондой эле депутат “7-сомго кайсы бала тойсун? Сиз “Суп из топора” деген мультфильмди көрдүңүз беле?”,-деди.

Депутат Ормоновдун суроосун, министр Исаковдун жообун төмөндөгү видеотасмадан көрө аласыздар:

Билим жана илим министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө 625 миң 767 бала окуган (1-класстын окуучулары) 2 миң 265 жалпы билим берүү уюмдарында жана 1 миң 371 мектепте (1-4-класстын окуучулары) ысык тамак уюштурулган. Бул мектептердин 60 пайызын түзөт. Мектеп тамак-ашына 600 миллион сом бөлүнгөн. Дагы кошумча 88 миллион сом каралган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: