Menu

Светлана Шелокованын сырдуу өлүмү

Бөлүшүү:

СССРдин мурдагы ички иштер министри Шелоковдун аялы Светлана Владимировна Шелокованын өлүмүнө байланыштуу үч версия бар. Алардын экөөндө «экс-министрдин аялы өзүн-өзү өлтүрдү» деп болжолдонсо, үчүнчү гипотеза боюнча, аны айрым адамдар тындым кылып коюшкан.

Биринчи версия: Шелокова адегенде Андроповду атып, анан өзүн аткан

КПСС БКнын Генералдык катчысы катары Леонид Брежневдин ордуна келген Юрий Андроповдун да ден соолугу анчалык жакшы эмес эле. Ошондон улам мезгил-мезгили менен коомчулуктун көз алдынан жоголуп кетчү. Анан Андропов кезектеги жолу көрүнбөй калганда «аны күйөөсү куугунтукталганына өч алмакчы болуп, Шелоковдун аялы атып салыптыр» деген имиштер тарады. Бул мезгилде чындап эле ИИМдин башчысы Николай Шелоковго жана башка жетекчилерге «Коррупция» деген берене боюнча айып коюлуп, катуу кампания жүрүп жаткан. Ошондуктан, бул сөздөргө элдин көбү кадимкидей ишенип алышты. 1983-жылы 19-февралда Светлана Шелокова Юрий Андроповду лифттин жанында аңдып туруп, тапанча менен атат. Анан ошол эле тапанча менен өзүн-өзү аткан имиш. Тарыхчы Рой Медведев «С.В.Шелокова терең эмоционалдык депрессиянын негизинде өзүн-өзү аткан» деген расмий тыянактарга таянып, бул сөздөрдү миф катары сыпаттайт.

Экинчи версия: «терең эмоционалдык депрессия»

С.В.Шелокованын өлүмү тууралуу версиялардын ичинен логикага сыйган, чындыкка жакыны ушул. Анын күйөөсү Николай Анисимович коомдук тартипти сактоо министрлигиндеги эки жылын кошкондо ИИМди 16 жыл жетектеген. Бул жылдары Шелоковдордун үй-бүлөсү миллионерлердей эле жашады. Брежневдин кызы Г алина Леонидовнаны туурап, а балким атаандашып, Светлана Шелокова да акак таштарды, бриллианттарды чогултуунун ышкыбозу эле. Аларды сатып алууга миңдеген рубль акчалар кетчү. Шелоковдордун үйү менен дачасы антиквариат буюмдарга, анын ичинде белгилүү сүрөтчүлөрдүн картиналарынын түп нускасына толуп турчу.

Николай Шелоковдун туулган күнү болуп калганда анын хоббисин жакшы билген кесиптештери, достору өтө баалуу буюмдарды белек кылышчу. Алардын үй-бүлөсүнүн үч «Мерседеси» бар эле. «1980-жылы Москвада өткөн олимпиадага карата немецтик концерн Совет мамлекетине белек кылган бул машиналарды Николай Анисимович кызмат абалынан, тааныштарынан пайдаланып, өзүнө алып алган» деген маалыматтар бар.

Брежневдин тушунда Шелоковдор үчүн баарына уруксат эле, эч ким аларды көзөмөлдөп, «мындай кылба» деп айта алчу эмес. Бирок, Брежнев өлгөндөн кийин бир ай өтүп-өтпөй, Шелоков министрлик кызматынан алынды. Анысы аз келгенсип, ИИМдеги коррупцияга байланыштуу үстүнөн кылмыш иши козголот. Кээ бир маалыматгар боюнча, Андропов жеке өзү анын артынан түшүп, КГБда иштеген кезинде эле Шелоковдун үстүнөн материалдарды чогултуп жүргөн экен. Шелоков күн сайын суракка чакырылып, анын үйүнөн тынчтык кетет. Кызматкеринин айтымында, Светлана Владимировна жөнү жок эле кыйкырып, көп ыйлачу болот. Анан бир күн күйөөсүнүн белекке берилген тапанчасын алат да уктоочу бөлмөгө барып, өзүн-өзү атып алат.

Үчүнчү версия: Шелокованы өлтүрүшкөн

Бул версияны С.В.Шелокова «эгер күйөөмдү камачу болсоңор жогору даражадагы башка кишилердин коррупциялык иштерин ачыкка чыгарам» деп кимдир бирөөлөрдү коркутушу мүмкүн экенин болжогон кишилер карманышат. Мисалы, опера ырчысы, Светлана Шелокова менен узак мезгил мамилелеш болгон Галина Вишневская. Кээ бир тарыхчылардын айтымында, Шелоковдордун үйүн тинткен учурда атууга өкүм кылынгандарга таандык баалуу буюмдар табылган. Светлана Владимировна «мындай буюмдар партноменклатуранын дагы кайсы өкүлдөрүндө бар экенин айтам» деп шантаж кылган имиш.

Николай Анисимович Шелоков болсо 1984-жылы 13-декабрда аңчылыкка колдонуучу мылтык менен атынып өлөт. Бир күн мурда ал Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын баш кылып, баардык мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган болчу.

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: