Menu

Анаркүл Хамдамова, юрист: “Нотариалдык иш-чаралар боюнча түшүнбөгөн суроолорго, акысыз кеңештерди берип келе жатабыз”

Бөлүшүү:

Учурда мамлекеттик нотариалдык орган Конституциялык жана мыйзам ченемдүү бекемдөөгө. алынып, эгемендүү Кыргызстан мамлекетинин укук коргоо органдарынын арасында өзүнүн татыктуу ордун ээлеп келүүдө.

Алар, Кыргыз республикасынын Конституциясына жана нотариат жөнүндө Мыйзамдарга, актыларга ылайык иш жүргүзүшүүдө. Республика боюнча 76 мамлекеттик, 358 жеке нотариустар өткөн жылы 150 млн. сомдон ашык мамлекеттик алымды өлкөнүн казынасына төгүп беришкен. Ысык-Ата райондук мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин башчысы, бул тармакта көп жылдан бери эмгектенген, юстициянын 3 класстагы кеңешчиси Анаркүл Хамадамовага кайрылып, калайык калкыбыздын нотариалдык жактан суроо-талаптары кандай аткарылууда деген собол менен кайрылдык.

– Анаркүл Андашевна, алгач нотариустардын милдети жана кайсы мыйзамдарды жетекчиликке алып иштейсиздер айта кетсеңиз ?

– Биздин негизги милдетибиз – жеке жана юридикалык жактардын укуктарын мыйзамдуу талаптарын коргоодо аларга
көмөк көрсөтүү, нотариалдык аракеттеринин келечек натыйжаларын эскертүү кесиптик иштерди жүргүзүүгө байланыштуу болуп калган маалыматтарды жашыруун сактоо, эл аралык келишимдерге ылайык келбеген учурларда нотариалдык аракеттерди жасоодон баш тартуу болуп саналат. Нотариустар КР «Нотариат жөнүндө» мыйзамын жана КР башка мыйзам актыларын, КР Адилет министирлигинин буйруктарын жана нускамаларын, ошондой эле башка мамлекеттик бийлик органдары жана мамлекеттик башкаруу органдары өз компетенциясынын чегинде чыгарган актыларын жетекчиликке алып иш аракеттерди жүргүзөт.

– Нотариустар негизинен кайсы иш-аракеттери жүргүзүшөт, алардын акча төлөмдөрү кандай ?

– Нотариалдык аракеттерди жүргүзүүдө нотариустар кайрылган жарандардын ким экендиги, алардын улуттук паспорту боюнча аныктайт. Нотариалдык аракеттер зарыл болгон бардык документтер тапшырылып жана мамлекеттик алым төлөнгөндөн кийин жүргүзүлөт. Нотариустар бүтүмдөрдү (келишимдерди, керээздерди, ишеним каттарды ж.б.) күбөлөндүрөт, жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүштү менчиктөө укугу жөнүндө күбөлүк берет, документтердин нускаларын жана алардын көчүрмөлөрүнүн тууралыгын күбөлөндүрөт, жарандын тирүү экендигин, жарандын белгилүү бир жерде тургандыгын ж.б. ырастайт. Акчалай суммаларды жана баалуу кагаздарды кабыл алууда, автоунааны сатууда же сатып алууда берилүүчү ишеним каттар жана башка иш аракеттерди жүргүзөбүз. Ал эми нотариалдык аракеттер зарыл болгон бардык документтер тапшырылып жана мамлекеттик алым төлөнгөндөн кийин жүргүзүлөт. Мамлекеттик алым мыйзам чегинде тийиштүү “Бакай банк” бөлүмүнө төлөнөт.

– Сиздердин кеңсеңиздин жарандарга акысыз юридикалык жактан жардам берүү бөлмөсү бар экен, ал тууралуу да айта кетсеңиз ?

-Ооба, Кыргыз Республикасында “КР мамлекеттик юридикалык кепилдик жардам” мыйзамын жетекчиликке алып, мыйзамды сыйлаган жана укуктук жактан билимсиз жарандарга, юридикалык жактан жана нотариалдык иш-чаралар боюнча түшүнбөгөн суроолору болсо, ал жерде иштеген жогорку билимдүү дасыккан адвокат, юристтерге кайрылып, акысыз кеңештерди алышат. Кайрылган адамдарга нотариалдык иш-чараларды кеңири түшүндүрүп берүү биздин дагы бир милдетибизге кирет. Учурдан пайдаланып аялдардын Эл аралык 8-март майрамы менен кесиптеш айымдарымды, апаларды, эже-сиңдилеримди чын жүрөктөн куттуктап, аларга бекем чың ден-соолук, узак өмүр, бактылуу турмуш, иштерине албан ийгиликтерди каалап кетмекчимин.

Документтерди жана алардын көчүрмөлөрүнүн тууралыгын, атуулдун тирүү экендигин, анын белгилүү бир жерде жүргөндүгүн, документтер сунуш кылынган убакытты, документтерге коюлган колдордун аныктыгын, бүтүмдөрдү күбөлөндүрүү боюнча жеке жана юридикалык жактардын экинчи бир жеке жана юридикалык жактарга арыздарды берүүдө, акчалай суммаларды жана баалуу кагаздарды кабыл алууда, берилүүчү ишеним каттар боюнча керээз, мураскордун колунун коюлсун тактап аныктоо жана башка материалдык иш аракеттер боюнча түшүнбөгөн суроо-соболуңуздар болсо Анаркүл Хамдамова жетектеген Ысык-Ата райондук мамлекеттик нотариалдык конторасына кайрылсаңыздар нотариалдык иштер боюнча көйгөйлүү маселелер жеринен чечилмекчи.

Маектешкен: Асан Акматов

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: