Парламенттин отун-энергетика комплекси жана жер казнасын пайдалануу комитетинин депутаттары «Кыргызалтын» ишканасынын жетекчиси Алмаз Алимбековдун тагдырын жабык эшик артында талкуулону чечишти. Бул тууралуу чечим бүгүнкү отурумда кабыл алынды.
«Кыргызалтындын» төрагасына суроолорду берип бүткөндөн кийин эл өкүлдөрү комитеттин чечимин кабыл алууда бир пикирге келе алышкан жок.
Төрт депутат Алмаз Алимбековго иштөөгө убакыт берип, маселени кийинчнрээк кароону сунушташты.
«Эмне үчүн мынчалык шашып жатабыз? Керектүү органдарга текшерүү жүргүзүүгө мүмкүндүк берип, анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алалы»,-деди эл өкүлү Азиз Турсунбаев.
Депутат Кожобек Рыспаев Алмаз Алимбековдун ишин канааттандыраарлык эмес деп табылышын талап кылууда.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ